Бул тууралуу IFAD билдирди.
Дүйнөнүн ар бир алтынчы тургуну акча которууларга көз каранды
2025-жылы кирешеси төмөн жана орто деңгээлдеги өлкөлөргө жөнөтүлгөн акча которуулардын дүйнөлүк көлөмү 728,6 млрд АКШ долларына жетти. Бул дүйнөдөгү өнүгүүгө расмий жардамдын жалпы көлөмүнөн жана аталган өлкөлөргө салынган чет элдик инвестициялардан 4 эсе көп.
Баяндамада акча которуулар акыркы он жыл ичинде дүйнөдө үй чарбаларын каржылоонун ири жана туруктуу булактарынын бири бойдон калганы белгиленет.

10 жылдын ичинде чек ара аркылуу акча которуулардын көлөмү 94%га өсүп, өнүгүп жаткан өлкөлөрдөгү калктын жана миграциянын өсүү темпинен ашып кетти. Баяндамадагы маалыматтарга ылайык, 220 млн мигрант өзүнүн 1,1 млрд жакындарын каржылык жактан колдойт – бул агымдар дүйнө калкынын ар бир алтынчы тургунун байланыштырып турат.

«Акча которуулар үй-бүлөлөргө негизги керектөөлөрүн алууга жардам берет, каржылык өсүшкө өбөлгө түзөт жана күтүүсүз соккуларга туруктуулугун жогорулатат. Алардын потенциалдуу пайдасы үй-бүлөлөр ишенимдүү финансылык кызматтарга, билимге жана мүмкүнчүлүктөргө жеткиликтүү болушу. Миллиондогон айылдык үй-бүлөлөр үчүн акча которууларды алуу топтомдорду түзүүгө, камсыздандырууга жана кредиттерге жетүүгө жасалган алгачкы кадам болушу мүмкүн. Алар экономикалык жана климаттык соккуларга каршы туруктуулукту жогорулатууга жол ачат. Көпчүлүк учурларда миграция зарылчылык эмес, тандоо болуп калат», – деди IFAD президенти Альваро Ларио.
Мигранттардын үйүнө жөнөткөн ар бир үч доллардын дээрлик бири (болжол менен 233 млрд АКШ доллары) айыл жерлерине жетет. Ал аймактарда жумуш менен камсыз болуу жана финансылык кызматтарга жетүү мүмкүнчүлүгү көп учурда чектелүү.
Акча которууларды алган үй-бүлөлөр жыл сайын болжол менен 22 млрд АКШ долларын агроазык-түлүк системаларына инвестициялап, айыл чарба өндүрүшүн, айыл жериндеги ишканаларды жана жумуш менен камсыз кылууну колдошот.
«2026-жылы үйгө акча жөнөтүү» баяндамасында Борбор Азия боюнча да бир катар кызыктуу маалыматтар келтирилген:
- Азия жана Тынч океан аймагына дүйнөдөгү бардык акча которуулардын 53%ы туура келет.
- Борбор Азияда 2016–2025-жылдары акча которуулардын көлөмү 3,5 эсеге – 10 млрд доллардан 34,6 млрд АКШ долларына чейин өскөн.
- Аймакта акча которуулардын көлөмү түз чет элдик инвестициялардан 9 эсе көп. Мындан жогорку көрсөткүч Тынч океан аймагында гана катталган. Акча которуулар ошондой эле аймактын экспорттук кирешелеринин болжол менен 26%ына барабар.
- Борбор Азиядагы акча которуулардын дээрлик 55%ынайыл жерлеринин тургундары алышат.
- Кыргызстанда, баяндама авторлорунун баалоосуна ылайык, 2016–2025-жылдары акча которуулардын көлөмү 60%га өскөн. Бул Тажикстан жана Өзбекстанга салыштырмалуу кыйла жай өсүш, бирок Казакстандагы көрсөткүчтөн жогору.
Баяндамага ылайык, акча которуулардын жарымынан көбү санариптик каналдар аркылуу жөнөтүлөт. Бул которууларды арзандатууга алып келди, бирок накталай акча дагы деле которуунун кеңири таралган ыкмасы бойдон калууда. 2025-жылы кызматтардын 35%ы гана жөнөтүүчү тарапта да, алуучу тарапта да толугу менен санариптик болгон.
Документте өкмөттөрдү, жөнгө салуучу органдарды, финансылык мекемелерди жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү акча которууларды жеткиликтүү жана ачык-айкын кылууга, айыл жерлерин тейлөөнү жакшыртууга, финансылык жана санариптик мүмкүнчүлүктөрдү бекемдөөгө, ошондой эле үй-бүлөлөрдүн топтомдорго, камсыздандырууга, кредиттерге жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөргө жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө чакырык жасалган.
Документте аймактар боюнча негизги жыйынтыктар келтирилген:
- Азия жана Тынч океан аймагы дүйнөлүк акча которуулар экономикасынын борбору бойдон калууда. Бул аймакка 384,9 млрд АКШ доллары түшкөн, бул акыркы 10 жылдагы жалпы сумманын 53%ын түзөт.
- Эң тез өсүш Латын Америкасы жана Кариб бассейнинде катталган. Бул аймакка акча которуулар он жыл ичинде 132%га өсүп, 168,6 млрд АКШ долларына жеткен.
- Африкага акча которуулардын агымы 86%га өсүп, 124,2 млрд АКШ долларын түзгөн.
- 23 өлкөдө акча которуулардын көлөмү ички дүң продуктунун 10%ынан ашат. 9 өлкөдө акча которуулардын агымы товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы экспортунун наркынан жогору.
Нью-Йорк – Рим – Бангкок форматындагы виртуалдык дүйнөлүк пресс-конференция
14-сентябрда Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фонду (IFAD) журналисттерди «2026-жылы үйгө акча жөнөтүү. Акча которуулардан тышкары: куткаруучу каражаттан туруктуулукка – бир үй-бүлөдөн баштап» аттуу негизги баяндамасынын презентациясына арналган англис тилиндеги глобалдык виртуалдык пресс-конференцияга катышууга чакырды.
Banks.kg порталы IFAD”дын глобалдык пресс-конференциясына катышты.
Ага туруктуу өнүгүү жаатындагы эл аралык эксперт, Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фондунун (IFAD) туруктуу өндүрүш, рыноктор жана институттар бөлүмүнүн (PMI) директору Найджел Бретт жана башкы техникалык адис, акча которууларды каржылоо боюнча менеджер (FFR) Педро де Васконселос катышты.

Эксперттер дүйнөлүк акча которуулардын олуттуу өсүшүнө токтолушту. Бүгүнкү күндө алар дүйнө жүзү боюнча 1,3 млрддан ашык адамды байланыштырып турат. Ошондой эле өз ара байланышкан глобалдык экономикалык, экологиялык жана геосаясий соккулар шартында финансылык агымдар дүйнөдө үй чарбаларын каржылоонун эң туруктуу булактарынын бирине айланганын талдашты.

Ошондой эле баяндамачылар журналисттердин суроолоруна жооп беришти. Суроолор төмөнкү темаларга арналды:
- айыл жерлерине келип түшкөн акча которуулардын үлүшү;
- акча которууларга көз карандылык кирешеси төмөн жана орто деңгээлдеги өлкөлөрдүн өнүгүүсүнө зыян келтириши мүмкүнбү;
- эмне үчүн акча которуулар шаардагы үй чарбаларына караганда айыл жеринде көбүрөөк бааланат;
- эмне үчүн акыркы он жылда акча которуулардын көлөмү калктын жана миграциянын өсүшүнө караганда тезирээк көбөйдү.
Маалымат үчүн:
Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фонду (IFAD) – айыл экономикасын өзгөртүүгө гана адистешкен жалгыз эл аралык финансылык уюм. IFAD айыл жерлеринин калкына жана алардын жамааттарына инвестиция салып, агроазык-түлүк чынжырларын бекемдөөгө, азык-түлүк коопсуздугун, жалпы бакубаттуулукту жана туруктуулукту камсыз кылууга багытталган иштерди жүргүзөт. Бүгүнкү күндө IFAD жана анын өнөктөштөрү айыл экономикасын өзгөртүүгө багытталган учурдагы долбоорлорго дээрлик 23 млрд АКШ долларын инвестициялады.
Материал Борбор Азиядагы Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фондунун (IFAD) REMIT PRIME программасынын аймактык координатору Павел Шусттун колдоосу менен даярдалды.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.