Мыйзам долбоорун Экономика жана коммерция министрлиги коомдук талкууга чыгарды.
Жаңы банкты 100% мамлекет катышкан ачык акционердик коом түрүндө түзүү пландалууда. Ал кадимки коммерциялык банк катары иштебестен, жалаң гана өнөр жайды өнүктүрүүгө адистешет.
Каражаттар эмнелерге берилет?
Банк өнөр жай ишканаларына түздөн-түз насыя берип, башка банктар аркылуу долбоорлорду каржылап, кепилдиктерди бере алат жана жабдууларды лизингге берет. Ошондой эле ири долбоорлорду каржылоо, жүгүртүү каражаттарын колдоо жана эл аралык финансылык уюмдардын каражаттарын тартуу каралган.
Каражаттарды жаңы заводдорду курууга, жабдууларды жаңылоого, өндүрүштү автоматташтырууга жана заманбап технологияларды киргизүүгө багыттоо пландалууда. Экспортко товар чыгарган же импорттук продукцияны алмаштырган ишканаларга өзгөчө көңүл бурулат.
Ошондой эле өнөр жай аймактарын, индустриалдык парктарды жана өндүрүштүк кластерлерди түзүү боюнча долбоорлор да каржыланышы мүмкүн.
Каржылоону кимдер ала алат?
Долбоорлорду тандоодо алардын экономикалык натыйжалуулугу, каражаттарды кайтарып берүү мүмкүнчүлүгү, жумуш орундарын түзүүсү, экспорттук потенциалы жана аймактарды өнүктүрүүгө тийгизген таасири эске алынат.
Мында долбоордун мамлекеттик программага киргизилиши ага каражат бөлүнөрүнө кепилдик бербейт. Ар бир долбоор финансылык, юридикалык жана техникалык текшерүүдөн, ошондой эле тобокелдиктерди баалоодон өтүшү керек.
Банк калктан аманат кабыл албайт
Кадимки коммерциялык банктардан айырмаланып, жаңы түзүм жеке адамдардын депозиттерин кабыл ала албайт. Анын ишмердүүлүгү өнөр жайды каржылоо жана мыйзамда каралган башка милдеттерди аткаруу менен чектелет.
Банктын ишин көзөмөлдөө үчүн мамлекеттин, директорлор кеңешинин жана башкармалыктын катышуусунда башкаруу системасын түзүү сунушталууда. Ошондой эле ички аудит, тобокелдиктерди көзөмөлдөө жана финансылык ишмердүүлүктү текшерүү каралган.
Экономика министрлиги мындай банкты түзүү өнөр жайды колдоонун ар кандай механизмдерин бир түзүмгө бириктирүүгө жана ишканалардын узак мөөнөттүү каржылоого жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет деп эсептейт.
Банктын ишинин натыйжалуулугун финансылык көрсөткүчтөр боюнча гана эмес, каржыланган долбоорлордун саны, өндүрүштүн жана экспорттун көлөмү, түзүлгөн жумуш орундарынын саны, ошондой эле импорттук товарларга болгон көз карандылыктын азайышы боюнча да баалоо сунушталууда.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.