usd
87.38 / 87.800.00 / 0.00
2025-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстандагы инфляциянын деңгээли өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу 7,1%ды түздү.

Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Өсүү товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык топторуна таасирин тийгизген:
Керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү өлкөнүн бардык аймактарында байкалган.
Мисалы, Ош шаарында эң чоң өсүш 9 пайыз, негизинен алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки буюмдарынын бааларынын 12,1 пайызга өсүшүнө байланыштуу катталган.
Азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктардын бааларынын эң чоң өсүшү Чүй облусунда (10,5 пайыз), азык-түлүк эмес товарларга Баткен облусунда (8,1 пайыз) жана кызмат көрсөтүүлөрдө 10,4 пайызга өсүш болгон.
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.