Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Кыргызстанда инфляция 5 пайызга жакындады

2026-жылдын январь-май айларында Кыргызстанда керектөө баалары жана тарифтери өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу 4,8%га жогорулады.

Кыргызстанда инфляция 5 пайызга жакындады
Сүрөт: ЖИ

Бул тууралуу Статком брифинг учурунда маалымдады. 

Эң көп кымбаттаган калк үчүн кызмат көрсөтүүлөр 7,1%га, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки 6,5%га, тамак-аш жана алкоголсуз суусундуктар  4,8%га, азык-түлүк эмес товарларг 2,8%га өскөн.

Азык-түлүк товарларынын ичинен баалардын кыйла өсүшү төмөндөгүлөргө туура келген:

  • жемиштер 13,7%га;
  • тоок жумурткалары 13,2%га;
  • кой эти 11%га;
  • картошка 10,2%га;
  • уй эти 9,4%га;
  • сүт азыктары 6,2%га өскөн.

Мында жашылчалар (-7%), сүт (-5,6%) жана күрүч (-2,1%) арзандаган. 

Баанын эң жогорку өсүшү Ош облусунда катталган — 10,3%. Ал эми Ысык-Көл облусунда азык-түлүк баасы эң көп 6,9%га кымбаттады.

Май айында эле өлкөдө баалар апрель айына салыштырмалуу дагы 0,8% жогорулаган. Баанын эң чоң өсүшү картошка (+4,8%), кой эти (+3,7%), уй эти (+1,6%) жана жемиштерге (+1,6%) туура келген. Мында жашылча (-11,6%), жумурткага (-4,6%), сүткө (-1,7%) баа төмөндөгөн. 

Ай сайын эң олуттуу өсүү 1,5% деңгээлинде Ош облусунда катталган.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.