Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мында баалардын өсүшү төмөнкүлөрдө жогорулады:
- тамак-аш продукцияларына жана алкоголсуз суусундуктарга баалар - 1 %га;
- алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына – 0,8 %га;
- азык-түлүк эмес товарларга – 0,5 %га;
- калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтерине – 0,7 %га.
Керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы республиканын бардык аймактарында байкалды. Мында баалардын эң жогорку 1,3 пайыз өсүшү Баткен облусунда катталды, ал эми калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтери 2,6 пайызга жогорулаган.
Ошондой эле тамак-аш продукцияларына жана алкоголсуз суусундуктарга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына баалардын 1,4 пайызга жогорулашы Бишкек шаарында катталды. Азык-түлүк эмес товарларга баалардын эң жогорку 1,2 пайызга өсүшү Жалал-Абад облусунда катталган.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.