Казакстанда эл аралык көрсөткүчү бар криптопирамиданын ишмердүүлүгү иликтенүүдө

Каржы мониторинги боюнча Алматы департаменти «Амир Капитал» каржы пирамидасынын схемасын иликтөөдө. Анда 10 миллион долларлык активдер камакка алынды, ал эми жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар да бар.

Казакстанда эл аралык көрсөткүчү бар криптопирамиданын ишмердүүлүгү иликтенүүдө
Сүрөт: видеодон тартылып алынды

Бул тууралуу Kazinform басылмасы билдирди. 

«Амир Капитал» компаниясы үч жыл бою Казакстан, Белоруссия, Орусия жана Кыргызстандын жарандарынан криптовалюта соодасы, майнинг жана долбоорлорго инвестиция салуудан 5-10% киреше алып келүү шылтоосу менен каражат тарткан. Компания өзүн эл аралык инвестициялык фонд катары көрсөтүп келген.

Аманатчыларды каттоо компаниянын сайтындагы шилтеме аркылуу ишке ашкан. Жеке кабинетти толуктоо Amir Wallet капчыгы аркылуу USDT, BTC жана ETH криптовалюталарында барган.

Бул акча каражаттары каржы пирамида схемасы аркылуу жаңы аманаттардын агымын пайдалануу менен катышуучулардын ортосунда бөлүштүрүлүп, пайыздары буга чейин пирамидага киргендерге төлөнүп берилген. Алдамчылар 40тан ашык катышуучуну тартууга жетишкен.

2021-жылы аманатчыларга техникалык көйгөй шылтоосу менен акча каражаттарын алууга чектөө коюлган. Бирок, каражатка жетүү ошол бойдон калыбына келген эмес.

Сот тарабынан 10 млн АКШ доллар өлчөмүндө криптоактивдер жана Алматы облусундагы жер тилке камакка алынды. Кылмышка шектүүлөрдүн бири убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.