KGST КРде старт алды: башкы суроолорго жооп

Кыргызстанда KGST ишке кирди: эмне үчүн жана кандай максатта, кантип жана кайда колдонуу керек ошондой эле кантип сатып алуу керек? Binance өкүлү бул маалыматты өткөн жума күнү бөлүштү.

KGST КРде старт алды: башкы суроолорго жооп

Binance'тын КМШ жана Борбордук Азия боюнча маркетинг боюнча менеджери Станислав Дыленок 23-январда кыргызстандык аудиторияга көңүл буруп, KGST деген эмне экендигин, ал эмне үчүн керектигин жана аны кантип, каякка колдонсо болорун Binance аркылуу KGST кантип сатып алса болорун түшүндүргөн түз эфир өткөрдү.

Эскерте кетсек, 24-декабрда Binance KGST/USDT жуптары үчүн спот соодасын ачкан. 

KGST деген эмне?

KGST – бул кыргыз сомуна 1:1 эсебинде байланган стейблкоин. Бул негизинен Web-3 чөйрөсүндөгү Кыргызстандын улуттук валютасынын санариптик эквиваленти.

Стейбилкоин – бул санариптик актив, анын наркы валюта, алтын, мунай ж.б. сыяктуу реалдуу активге байланган. Ал эми KGSTде негизги актив болуп кыргыз сому саналат.

KGST эмнеге керек

KGST негизги максаты – улуттук валютанын негизинде санариптик активдер менен иштөө үчүн коопсуз жана ачык инструментти түзүү.

«Кадимки которуу 48 саатка чейин созулса, KGST менен которуу мисалы, биржадан биржага же капчыктар ортосунда которуу 5 мүнөткө чейин созулат. KGST BNB Chain негизинде түзүлгөн», - деп белгиледи Станислав Дыленок.

BNB Chain - бул Binance биржасынын колдоосу менен курулган блокчейн экосистемасы.

«Демек, кыргызстандыктар биткоинди - сом менен сатып ала албайт, бирок KGST сатып алсаңыз, USDT жана башка криптовалюталарды оңой эле сатып ала аласыз», - деп түшүндүрдү Binance өкүлү.

Негизи, KGST:

  • криптоактивдер рыногуна кирүүнү камсыз кылат;
  • сомду USDT жана башка токендерге алмаштырууга мүмкүндүк берет;
  • Web-3те эсеп бирдиги катары колдонулат.

KGST башка стейблкоиндордон эмнеси менен айырмаланат 

KGST популярдуу жеке стейбилкоиндерден бир катар негизги айырмачылыктарга ээ (мисалы, USDT):

  • Юридикалык ылайык келүү. KGST Кыргыз Республикасынын «Виртуалдык активдер жөнүндө» мыйзамынын негизинде чыгарылат жана толугу менен улуттук деңгээлде жөнгө салынат. Tether Limited жеке компаниясына таандык USDT сыяктуу жеке стейлблкоиндерден айырмаланып, KGST өзүм билемдик менен чыгарылышы мүмкүн эмес.
  • Фиаттык камсыздоо. Ар бир чыгарылган KGST чыныгы кыргыз сому менен камсыздалган. Резервдер банктарда жайгаштырылган жана каржылык жөнгө салуучу органдын көзөмөлүндө турат. 
  • Жөнгө салуучу көзөмөл. KGST менен болгон операцияларды Улуттук банк жана виртуалдык активдер чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча кеңешти камтыган тиешелүү мамлекеттик органдар көзөмөлдөйт. 
  • Ачыктык жана коопсуздук. KGST резервдердин болушун жана сактоо жана коопсуздук стандарттарынын сакталышын тастыктаган үзгүлтүксүз аудиттен өтүп турат (аудиттин графиги жөнүндө маалымат азырынча жок).

KGSTтин негизги колдонмолору

Кыргызстандыктарда криптовалютаны  өлкөдө каякка колдонсо болот, KGST өз ордун таба алабы деген өңдүү суроолору көп. Мындан улам Станислав Дыленок алты мүмкүнчүлүктү белгиледи.

  • Өлкөлөр аралык которуулар

KGST аркылуу которуулар 5 мүнөткө чейин созулат, ал эми банктык которуулар 48 саатка чейин созулушу мүмкүн. 

  • Инвестициялык инструменттер 

KGST фиаттык акчага түз жеткиликсиз криптоактивдерди: BTC, ETH, BNB жана башкаларды сатып алууга мүмкүндүк берет.

  • Бизнести өнүктүрүү

KGST базасында бизнес-кредиттерди токенизациялоо мүмкүн. Бул каражаттарды пайдаланууну көзөмөлдөөнү жана мамлекет менен бизнес үчүн отчеттуулукту жөнөкөйлөтөт.

  • Ликвиддүүлүккө жетүү      

KGST банктар жана финансылык уюмдар үчүн ликвиддүүлүктү жогорулатуу куралы катары колдонулушу мүмкүн. 

  • Каражаттарды ыңгайлуу сактоо

Каражаттарга жетүү Binance биржасы аркылуу 24/7 мүмкүн, убакыт жана география боюнча чектөөлөрсүз.

  • Товарлар жана кызматтар үчүн төлөм (келечекте)  

Жакынкы бир нече айдын ичинде KGST аркылуу соода кылуу жана коммуналдык кызматтарды төлөө мүмкүнчүлүгү пландаштырылууда, каражаттар бизнеске заматта түшөт.

KGST Binance аркылуу кантип сатып алса болот? 

Binance криптобиржасынан стейблкоинди сатып алуу үчүн 3 кадам менен мүмкүн. 

1. Binance аркылуу каттоодон жана KYC тастыктоодон өтүү

Өздүктү тастыктаган верификациядан өтүү. Бул коопсуздуктун жана колдонуучуну коргоонун стандарттуу чарасы. 

2. P2P аркылуу толуктоо 

KGST сатып алуу аккаунтту P2P аркылуу толуктоодон башталат: 

  • фиат валютасы тандалат (мисалы, сом), 
  • токен тандалат,
  • P2P-мерчант менен келишим түзүлөт. 

Каражаттар келишим тастыкталганга чейин системада убактылуу бөгөттөлөт (бул коопсуздук үчүн жасалган). 

3. Споттук соода 

Аккаунтту толуктагандан кийин KGST споттук рынокто KGST/USDT жуптугунда сатылып алынат. Натыйжада колдонуучу: 

  • валютаны рыноктук баада сатып ала алат, 
  • лимиттик ордер жайгаштыра алат.

Эмнеге KGST керек, эгерде USDTни  алмаштыруучу жайлардан кадимки кыргыз сомдоруна сатып алса боло тургандан кийин?

P2P жана KGST алмаштыргыч төлөмдөрдөн качууга жана валюталарды алмаштырууда тобокелдиктерди азайтууга мүмкүндүк берет. Binance – транзакцияларыңыздын коопсуздугун камсыз кылуучу жогорку деңгээлдеги коопсуздукту камсыз кылган лицензияланган эл аралык платформа.

Маанилүү: Бул макала инвестициялык кеңеш болуп саналбайт.
Окурман биздин сайттан алынган маалыматтын негизинде жасаган бардык аракеттери үчүн өзү жоопкерчилик тартат. Жогорку тобокелдиктеги активдерди сатып алуу кошумча тобокелдиктерди алып келет.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.