Экономика министрлигинен билдиришкендей, кеңешмеге мамлекеттик органдардын, Улуттук банктын жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү катышты.
Бакыт Сыдыков кеңешменин катышуучуларын Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин жана Америка Кошмо Штаттарынын Финансы министрлигинин өкүлдөрү менен өткөрүлгөн жумушчу жолугушуулардын жыйынтыктары тууралуу маалымдады.
Кеңешменин жүрүшүндө «ЭкоИсламик Банк» ЖАКтын өкүлдөрү банктын ишмердүүлүгүндө санкциялык тизмелерге киргизилген жеке жактарга жана компанияларга кызмат көрсөтүү боюнча операциялар жок экенин маалымдашты. Ошондой эле аталган банк ички комплаенс-көзөмөл талаптарына жана финансылык мониторингдин эл аралык стандарттарына ылайык иш алып барары белгиленди. Жакынкы убакытта банк колдонулуп жаткан комплаенс-көзөмөл чаралары тууралуу кошумча маалымат берип, ал батыштагы өнөктөштөргө жөнөтүлөрү белгиленди.
Мындан тышкары, ведомстволор аралык жумушчу топтун мурунку жыйынынан бери өткөн үч жуманын ичинде компетенттүү мамлекеттик органдар КР мыйзамдарынын алкагында санкциялык тобокелдиктерди минималдаштырууга багытталган бир катар чараларды ишке ашырганы белгиленди. Атап айтканда, белгиленген тартипте «Шисан» ЖЧКсынын, «Рама Групп» ЖЧКсынын жана «Нова Проект» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү токтотулуп, бир криптокомпаниянын лицензиясы кайтарылып алынды.
Ошону менен бирге июнь айынын соңунан тартып ведомстволор аралык иштин алкагында санкциялык тобокелдиктери жогору болгон 40ка жакын компания аныкталганы жана аларга карата КР мыйзамдарына ылайык тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы белгиленди.
Кеңешменин жыйынтыгында катышуучулар Кыргызстандын экспорттук көзөмөл системасын мындан ары чыңдоого, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана өлкөнүн аймагын эл аралык санкциялык режимдерди кыйгап өтүү үчүн пайдаланууга жол бербөө максатында эл аралык өнөктөштөр менен конструктивдүү кызматташууну улантууга берилгендигин ырасташты.
Буга чейин Улуттук банк аталган сектор туруктуу экенин, кырдаалга мониторинг жүргүзүп, зарыл учурда санкциялардын каржы системасына тийгизе турган таасирин азайтуу чараларын көрөрүн билдирди.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.