Маалыматка ылайык, «П» ЖЧКсынын 950 миң сомдон ашык салык карызы мыйзамга ылайык, эсептен чыгарылууга тийиш экени аныкталган. Бирок компаниянын бир нече жолку кайрылууларына карабастан, аны эсептен чыгаруу боюнча өз убагында чаралар көрүлгөн эмес.
Ошондой эле салыктык администрациялоо маалымат системасы аркылуу компаниянын ашыкча төлөмдөрүнөн аталган карызды төлөөгө чегерилген.
Башкы прокуратуранын кийлигүүшүсүнөн кийин «П» ЖЧКсынын салыктык карыздары толугу менен эсептен чыгарылган.
Мындан тышкары, Мамлекеттик салык кызматы ашыкча төлөнгөн суммадан автоматтык түрдө эсептен чыгарууга жаткан салык карыздарын жабууну мындан ары болтурбоо чараларын көрдү.
Башкы прокуратура ишкердик субъектилеринин укуктарын коргоону жана мамлекеттик органдар тарабынан мыйзамдуу талаптардын так аткарылышын камсыз кылууну улантып жатканы кошумчаланды.
Эскерте кетсек, КРнын Башкы прокуратурасы «Бизнести коргоо» мобилдик тиркемесин иштеп чыккан. Ал мамлекеттик органдардын ишкерлердин ишине негизсиз кийлигишүүсүнө бөгөт коюу, инвесторлордун ишенимин арттыруу жана Кыргызстанда жагымдуу инвестициялык климатты түзүү максатында иштелип чыккан.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.