Соцфонддон билдиришкендей, бул үчүн «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу Face-ID биометрикалык идентификациясы көмөгүндө же Мамлекеттик салык кызматынын Салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу катталуу керек.
Ыктыярдуу камсыздандыруу төгүмдөрүн Visa, MasterCard жана «Элкарт» банктык карталары менен онлайн төлөөгө болот.
Төгүмдүн өлчөмүн жарандар өз алдынча аныктайт, ал орточо айлык эмгек акынын 8-10 пайызынан кем болбоого тийиш.
Каражаттар төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
- Пенсиялык фондго - 8%;
- Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна - 2%.
Ошентип, чет өлкөдө иштеген кыргызстандык жарандар Кыргызстанга барбастан эле пенсиялык төгүмдөрдү жасап, келечектеги пенсиясын топтой алышат.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда пенсиялар 2026-жылдын 1-октябрынан тартып индексацияланган. Жогорулатуу 832,4 миң пенсионерди камтыган.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.