Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Австрияда иштеген кыргызстандыктар пенсиялык укуктарын сактап кала алышат

Кыргызстан менен Австрия Социалдык камсыздоо жөнүндө макулдашууну даярдоо боюнча сүйлөшүүлөрдү аяктады. Документ эмгек мигранттарынын, пенсионерлердин, майыптыгы бар адамдардын жана багуучусунан ажыраган үй-бүлөлөрдүн кызыкчылыктарын коргоого багытталган.

Австрияда иштеген кыргызстандыктар пенсиялык укуктарын сактап кала алышат
Иллюстрациялык сүрөт

Социалдык фонддун маалыматына ылайык, жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар макулдашуунун текстин жана ага тиркелүүчү административдик документти макулдашышты.

Сүйлөшүүлөр эки этапта өттү: биринчи жолугушуу 2025-жылдын ноябрь айында Вена шаарында, экинчиси 2026-жылдын апрель айында Бишкекте уюштурулду. Эки өлкөнүн пенсиялык системалары жана мыйзамдары айырмаланганына карабастан, тараптар негизги маселелер боюнча өз ара алгылыктуу чечимдерге жетише алышты.

Бардык ички мамлекеттик жол-жоболор аяктагандан кийин бул макулдашуу Кыргызстан менен Австриянын жарандарына эки өлкөнүн кайсынысында иштегенине карабастан пенсиялык укуктарын сактоого мүмкүнчүлүк берет.

Документ ошондой эле эмгек мигранттарынын, пенсионерлердин, майыптыгы бар адамдардын жана багуучусунан ажыраган үй-бүлөлөрдүн кызыкчылыктарын коргоого багытталган.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар укуктук ченемдерди гана эмес, пенсиялык системаларды өнүктүрүү, социалдык адилеттүүлүк, каржылык туруктуулук жана жарандардын укуктарын коргоо маселелерин да талкуулашты.

Буга чейин Социалдык фонд бул макулдашуунун долбоорун коомдук талкууга чыгарган.

Мындан тышкары, жакында эле Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашууга кол коюп, жарандардын пенсиялык эмгек стажын өз ара таануу боюнча келишимге жетишкен.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.