Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди.
Анын айтымында, бул аралыкта өнөр жай продукциясынын көлөмү 799,7 млрд сомду түзүп, 2024-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 10,6%га көбөйдү. Бул өсүү бир катар негизги тармактарда өндүрүштүн өсүшү менен шартталган.
Тактап айтканда, төмөнкү өнөр жай тармактарында олуттуу кеңейүү катталган:
- фармацевтикалык продукциялар - 1,7 эсеге;
- резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын өндүрүү - 35,7 пайызга;
- жыгачтан жана кагаздан жасалган буюмдарды өндүрүүнүн, полиграфиялык ишмердүүлүк продукциялары - 30,5 пайызга;
- тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктарын өндүрүү - 30,1 пайызга;
- химиялык продукциялар - 19,8 пайызга; пайдалуу кендерди казуу көлөмү - 14,2 пайызга.
Оң тенденциялар курулушта байкалды, мында көлөмдөрдүн көбөйүшү 21,1 пайызды, дүң жана чекене соода – 17,8 пайызды, ошондой эле айыл чарбасы – 2,2 пайызды түздү.
Улуттук статистикалык комитет, бул көрсөткүчтөр 2025-жылдын аягына карата өлкөнүн экономикасынын негизги тармактарындагы туруктуу өсүүнү чагылдыраарын белгилейт.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.