Кыргызстандын банк сектору тарыхый максимумду жаңылады

Кечээ, 24-февралда Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков эсептик чен боюнча маалымат жыйында банк тутумунун 2025-жылга карата рекорддук көрсөткүчтөрүн баса белгиледи.

Кыргызстандын банк сектору тарыхый максимумду жаңылады
Иллюстрациялык сүрөт

«Банк сектору туруктуу өсүүнү көрсөтүүдө. Депозиттер олуттуу өсүүнү көрсөттү. 2025-жылы депозиттик базанын көлөмү 46,2 пайызга тагыраагы 865,9 млрд сомго жетип, элдин банк тутумуна болгон ишениминин артканын көрсөттү. Депозиттик базанын олуттуу бөлүгүн - сом түрүндөгү депозиттер түзөт», - деп билдирди Азат Козубеков. 

Ошону менен катар кредит портфели 48,8 пайызга тагыраагы 507 млрд сомго көбөйгөн. 

Улуттук банктын төрагасынын орун басары КРдеги эл аралык резервдердин көлөмү рекорддук чекке жетип, 10 миллиард АКШ долларга жеткенин кошумчалап, бул көрсөткүчтүн динамикасына алтындын баасынын өзгөрүшү олуттуу таасир тийгизгенин баса белгиледи.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.