Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
2025-жылдын IV чейрегинин жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда жүгүртүүдөгү накталай акчанын көлөмүнүн өсүшү, ошондой эле коммерциялык банктардын кассалары аркылуу накталай каражаттардын түшүүсүнүн жана берилишинин көбөйүшү катталды.
2026-жылдын 1-январына карата жүгүртүүдөгү акчанын жалпы суммасы 300 млрд 778,3 млн сомду түздү. Анын ичинен 36 млрд 166,7 млн сом коммерциялык банктардын кассаларында, ал эми 264 млрд 611,6 млн сом банк тутумунан тышкары колдонууда турган.
Бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 51 млрд 822,1 млн сомго, же 24,4 пайызга көбөйгөн.
2025-жылдын IV чейрегинде коммерциялык банктардын кассаларына республиканын бүтүндөй аймагынан 1 трлн 680 млрд 175,6 млн сом келип түшкөн, бул көрсөткүч 2024-жылдын IV чейрегине салыштырганда 264 млрд 920,6 млн сомго же 18,7 пайызга көп.
Бул убакыт аралыгында коммерциялык банктардын кассаларынан 1 трлн 692 млрд 591,4 млн сом берилген, бул 2024-жылдын IV - чейрегиндегиге салыштырганда 271 млрд 568,5 млн сомго же 19,1 пайызга көп.
Коммерциялык банктардын кассаларына нак акча кайтарымдуулугу 2025-жылдын IV -чейрегинде 99,3 пайызды түзгөн, 2024 жылдын IV - чейрегине салыштырганда 0,3 пайызга азайган.
Аймактык бөлүштүрүүдө кайтарымдуулуктун эң жогорку деңгээли Чүй облусунда — 101,3%, Ош облусунда — 100,3% жана Бишкек шаарында — 100% катталган. Мында, өткөн жылга салыштырмалуу бул көрсөткүчтүн өсүшү Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарында байкалган.
Ошол эле учурда Ош шаарында, Нарын, Баткен жана Жалал-Абад облустарында накталай акча каражаттарынын кайтарымдуулугунун төмөндөшү байкалган.
Жалпысынан өлкө боюнча накталай акча жүгүртүүнүн динамикасы накталай акча менен операциялардын көлөмүнүн өсүшүн жана каражаттардын банк системасына кайтарылышынын жогорку үлүшүн сакталып калганын көрсөтүп турат.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.