Кызмат көрсөтүү тармагы Кыргызстандын экономикасынын негизги кыймылдаткычы бойдон калууда. 2026-жылдын январь-апрель айларында кызмат көрсөтүүлөрдүн дүң продукциясы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,3%га өсүү менен 461,6 млрд сомду түздү.
Бул тууралуу Статкомдон билдиришти.
Ички суроо-талап эмгек акынын өсүшү жана жигердүү керектөө кредиттери менен шартталган. Январдан мартка чейин орточо айлык эмгек акы 15,8%га, ал эми керектөө кредиттери 2025-жылдын аягына салыштырмалуу 1,2 эсеге өскөн.
Бул жагдайда дүң жана чекене соода жүгүртүү, ошондой эле автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо кызматтары 139,4 млрд сомго жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,4%га өстү. Дүң соода 10,4%, чекене соода 13,6% өскөн.
Транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн жана жүктөрдү сактоонун көлөмү 44,6 млрд сомду (4,5%га көп) түздү. Төрт айдын ичинде транспорттун бардык түрлөрү менен 19,4 миллион тонна жүк (7,1 пайызга көп) жана 230,2 миллион жүргүнчү (6,8 пайызга көп) ташылган.
Мейманканалар жана тойканалар тейлөө көлөмүн 13,3%га, 17,3 млрд сомго чейин көбөйтсө, маалымат жана байланыш тармагы 8,5%га өсүп, 25 млрд сомго жеткен.
Ошентип, тейлөө тармагы экономикалык өсүштүн 3,96%ын камсыздап, өлкөнүн ИДПсынын 50,4%ын түздү.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.