Кыргызстандын каржылык резерви жарым жылда 2,7 миллиард долларга өстү

2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын дүң эл аралык резервинин көлөмү 6 миллиард 508,4 миллион АКШ долларын түздү.

Кыргызстандын каржылык резерви жарым жылда 2,7 миллиард долларга өстү
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. 

2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу резервдер 2 миллиард 724 миллион долларга же 72%га өскөн.

2025-жылдын март айынын аягында дүң эл аралык резервдер 5 миллиард 448,84 миллион долларды түздү.

Эл аралык дүң резервдер макроэкономикалык туруктуулукту сактоонун маанилүү инструменти болуп саналат жана мамлекеттин тышкы милдеттенмелерин аткарууга, валюталык өзгөрүүлөрдү туруктуу кармоого жана товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн импортун камсыздоого жөндөмдүүлүгүнүн көрсөткүчү болот.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.