Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Кыргызстанда бензин менен дизелдин баасы кескин жогорулады

21-июлга карата Кыргызстанда күйүүчү майдын бардык негизги түрлөрүнүн баасы байкаларлык кымбаттады. Анда АИ-95тин баасы 106 сомдон ашып, АИ-92 85 сомду түзүүдө, ал эми дизелдик отун 100 сомдук чекке жакындап калды.

Кыргызстанда бензин менен дизелдин баасы кескин жогорулады
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. 

Өлкө боюнча АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы литрине 106,30 сомго чейин жогорулады. Бул июнь айындагы орточо баадан (87,31 сом) дээрлик 19 сомго жогору. Учурда июль айындагы орточо баа литрине 92,73 сомду түзүүдө.

АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы июндагы 80,39 сомдон литрине 85,21 сомго чейин жогорулады. Июль айындагы орточо баа 81,83 сомду түздү.

Дизель отунунун баасы да көтөрүлүп, июнь айындагы 93,80 сомдон литрине 98,52 сомго жетти. Июль айындагы орточо баа 95,33 сомду түздү.

21-июлда эң кымбат AI-95 үлгүсүндөгү күйүүчү май Нарын, Раззаков, Бишкек, Ош, Талас, Кара-Суу шаарларында жана Семетей айылында сатылды — литри 109,9 сомго чейинки баада.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.