Мындай маалымат брифинг учурунда Улуттук статистика комитети тарабынан айтылды.
Алдын ала баалоолорго ылайык, өнөр жай тармагында олуттуу өсүш байкалды.
Атап айтканда:
- химиялык продукциялар 3,1 эсеге өскөн;
- фармацевтика 1,7 эсеге жогорулаган;
- пайдалуу кендерди казуу 47,2 пайызга көбөйдү;
- транспорт тармагындагы өсүшү 42,4 пайызды түздү;
- мунай продукцияларын өндүрүү 18,2 пайызга жогорулады;
- тамак-аш жана тамеки продукцияларынын өндүрүшү 16,8 пайызга;
- резина, желим, курулуш материалдары жана полиграфия тармактарында өндүрүш 1,6 эсеге;
- негизги металлдарды иштетүү 11,1 пайызга жогорулады.
Экономиканын башка тармактарында да оң динамика байкалды. Мисалы, курулуштун көлөмү - 23,2%га, дүң жана чекене соода - 11,4%га, ал эми айыл чарбасы - 2,6%га өстү.
Ошентип, 2026-жылдын алгачкы эки айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүү темптерин сактап калууда, бул өнөр жайдын, курулуштун жана сооданын жигердүү өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.
Эске салсак, 2026-жылдын январында ИДП алдын ала эсептөөлөр боюнча 125,7 млрд сомду түзүп, 2025-жылдын январь айына салыштырмалуу 9%га өскөн.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.