2026-жылдын январь–август айларында Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 12 млрд АКШ долларын түздү. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көрсөткүч 13,3%га өскөн. Мындай маалыматтарды Улуттук статистика комитети билдирет.
Өсүшкө импорттун 11,9%га, экспорттук жеткирүүлөрдүн 19,5%га көбөйүшү өбөлгө түзгөн. Ошол эле учурда жалпы товар жүгүртүүнүн 19%ы экспортко, ал эми 81%ы импортко туура келген.
ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода
Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 2026-жылдын январь–август айларында 4,3 млрд АКШ долларын түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,5%га көп.
Мында экспорттук жеткирүүлөр 9,1%га азайса, импорттук түшүүлөр 9,3%га көбөйгөн.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстандын өз ара соодасында эң чоң үлүш Орусияга - 64,5%, ал эми Казакстанга - 32,7%ы туура келген.
Республиканын жалпы товар жүгүртүүсүнүн 36%ы ЕАЭБ өлкөлөрү менен соодага туура келген. Анын ичинде экспорттогу бул мамлекеттердин үлүшү 34%ды, импорттогу үлүшү 36,5%ды түзгөн.
Башка өлкөлөр менен соода
Кыргызстандын ЕАЭБге кирбеген өлкөлөр менен тышкы соодасынын көлөмү 2026-жылдын январь–август айларында 7,7 млрд АКШ долларын түздү. 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көрсөткүч 18,2%га өскөн.
Кыргызстандын жалпы товар жүгүртүүсүнүн 64%ы үчүнчү өлкөлөр менен соодага туура келген. Алардын экспорттогу үлүшү 66%ды, ал эми импорттогу үлүшү 63,5%ды түзгөн.
Буга чейин Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2026-жылдын январь–июль айларында 10 млрд долларга жеткени кабарланган. Ал кезде өсүш 7,7%ды түзгөн.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.