Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Кыргызстанда жаңы жылдан тарта айрым жөлөк пулдар жана пенсиялар көбөйтүлөт

Президент Садыр Жапаров айрым социалдык төлөмдөрдүн өлчөмүн жогорулатууну караган жарлыкка кол койду. Өзгөртүү 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргызстанда жаңы жылдан тарта айрым жөлөк пулдар жана пенсиялар көбөйтүлөт
Иллюстрациялык сүрөт

Документ мамлекет башчысынын расмий сайтына жарыяланды. 

Тактап айтканда, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарга берилүүчү жөлөкпулдун өлчөмү 8 000 сомдон 11 000 сомго чейин тагыраагы - 37,5 пайызга, ал эми улгайган жарандарга берилүүчү жөлөкпулдардын өлчөмү 50 пайызга көбөйөт. Ошондой эле майыптыгы боюнча пенсиялардын өлчөмү жогорулайт.

Мындан тышкары, ата-энесинен же багуучусунан ажыраган балдарга берилүүчү жөлөкпулдун өлчөмү көбөйөт: 

  •  ата-энесинин ажыраган балдарга 6 000 сомдон 8 000 сомго чейин (33,3%га); 
  • багуучусунан ажыраган балдарга 3 000 сомдон 5 000 сомго чейин (66,7%га). 

Багуучусунан ажыраган балдарга берилүүчү жөлөкпулдун өлчөмү жогорулагандыгына байланыштуу алардын пенсияларынын өлчөмүн да көбөйтүү каралган.

Мындан тышкары, баатыр энелерге берилүүчү жөлөкпул 3 000 сомдон 5 000 сомго чейин көбөйөт. Ошондой эле баатыр энелердин пенсияларына кошумча төлөмдөрдүн өлчөмү төрт  эсеге, тактап айтканда, 1 000 сомдон 5 000 сомго чейин жогорулайт.

Ошондой эле жарандардын айрым категорияларына, анын ичинде Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, Ооганстандагы согуштук аракеттердин ардагерлерине, Чернобыль атомдук электр станциясындагы авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандарга, концлагерлердин мурдагы жашы жете элек туткундарына, Ленинград блокадасынын катышуучуларына жана мындай төлөмдөрдү алуучу башка жарандарга берилүүчү ай сайынкы акчалай компенсациялардын өлчөмү көбөйөт. 

Белгилей кетсек, жарандардын айрым категориялары үчүн акчалай компенсациялардын өлчөмү 2025-жылы жогорулатылган, ал эми кээ бир категориялар үчүн 2010-жылдан бери кайра каралган эмес.

Ошону менен бирге Жалал-Абад облусунун Аксы районунда, ошондой эле Баткен жана Ош облустарында болгон окуялардын кесепетинен жабыркагандарга жана курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө берилүүчү кошумча ай сайынкы социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү орточо эсеп менен 20 пайызга жогорулайт.

Кабыл алынган чаралар калкты социалдык коргоо системасын чыңдоого, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын, ата-энесинен же багуучусунан ажыраган балдардын жана мамлекеттин өзгөчө колдоосуна муктаж болгон жарандардын башка категорияларынын материалдык абалын жакшыртууга багытталган.

Жарлыкта каралган төлөмдөрдү каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт. 

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.