Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Кыргызстандыктар 1-сентябрга чейин мүлк салыгын төлөшү керек

Мамлекеттик салык кызматы жарандарга мүлк салыгын өз убагында төлөө зарылдыгын эскертти.

Кыргызстандыктар 1-сентябрга чейин мүлк салыгын төлөшү керек
Иллюстрациялык сүрөт

Ведомстводон белгилешкендей, 2026-жылдын 1-сентябрынан кечиктирбестен салыктарды төлөө зарыл, өз убагында төлөбөсө туум эсептелет.

Кеп ишкердик жүргүзүүдө пайдаланылбаган турак үйлөр жана батирлер үчүн мүлк салыгы жана үй жанындагы, короо алдындагы жана бакча-чарба жер тилкелери үчүн жер салыгы тууралуу болууда.

Төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасы тууралуу маалымат салык төлөөчүнүн кабинетинде жайгаштырылган. Ошондой эле төлөм кодун же QR-кодду түзүп, салыкты онлайн төлөөгө болот.

Белгилей кетсек, салыкты өз убагында төлөбөгөн учурда карыздын суммасына мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн 0,09 % өлчөмүндө туум эсептелет.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.