Кыргызстанда балдардын жакырчылык деңгээлин 3 жашка чейинки төлөм аркылуу азайтууну көздөп жатышат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.

Кыргызстанда балдардын жакырчылык деңгээлин 3 жашка чейинки төлөм аркылуу азайтууну көздөп жатышат

Документтин максаты мыйзамды президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы №104 жарлыгына ылайык келтирүү болуп саналат, анда үч жашка чейинки балдарга ай сайын мамлекеттик жөлөкпул берүү каралган. 

Мыйзам долбооруна ылайык, 2026-жылдын 1-июлунан тартып «Бала ырысы» жөлөкпулун киргизүү пландалууда, төлөм үй-бүлөнүн кирешесине карабастан, үч жашка чейинки ар бир балага берилет. Жөлөкпулдун көлөмү ай сайын 1200 сомду түзөт.

Ошону менен катар: 

  • аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн «үй-бүлөгө көмөк»  жөлөкпулун алуу укугу сакталат;
  • жаңы жөлөк пул башка төлөмдөргө карабастан дайындалат, бийик тоолуу аймактардын тургундары үчүн жөлөк пулдан тышкары;
  • мамлекеттик жөлөкпул дайындала турган адамдарда персоналдык идентификациялык номердин (ПИН) болушу милдетүү болуп саналат;
  • жөлөкпул баланын жөлөкпул алуучу менен чогуу жашаганда гана дайындалат.

Негиздеме-маалымкатта төмөнкүлөр белгиленет: 

  • балдар калктын 37,8 пайызын түзөт;
  • балдар арасындагы жакырчылыктын деңгээли 33,1% - бул улгайган курактагы адамдарга жана эмгекке жарамдуу курактагы калкка салыштырмалуу жогору;
  • 5 жашка чейинки балдардын 14% өнөкөт жетишсиз тамактануудан жабыркашат; 
  • балдардын 75%нын тамактануусу жетиштүү тамактануунун минималдуу талаптарына жооп бербейт.

Мындан тышкары, божомолдорго ылайык, балдардын жетишсиз тамактануусу жана өсүшүнүн артта калышы ИДПнын 10 %га төмөндөшүнөалып келет жана 2050-жылга карата жоготулган экономикалык пайда 129 млрд сомго жетери болжолдонууда.

Учурда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган жөлөкпулдун жалгыз түрү болуп «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулу саналат. Бирок ал дагы: 

  • балдардын жаш курактык өзгөчөлүктөрүн эске албайт;
  • үй-бүлөнүн жалпы кирешесин баалоонун негизинде гана дайындалат;
  • муктаж болгондордун олуттуу бөлүгүн камтыбайт.

Изилдөөнүн маалыматтарына ылайык, балдары бар жакыр үй-бүлөлөрдүн 76% «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алышпайт, анткени алар иш жүзүндө жөлөкпул алуу критерийлерине жооп бербейт. Себептердин ичинде - катаал каттоо процедуралары, транспорттук чыгымдар жана системанын жетишсиз санариптештирүүсү кирет.

Универсалдуу «Бала ырысы» жөлөкпулун киргизүү төмөнкүлөргө тийиш:

  • жаш балдары бар үй-бүлөлөрдүн арасында жакырчылыкты азайтуу;
  • баланын тамактануусун жана өнүгүүсүн жакшыртуу;
  • ата-энелердин, өзгөчө энелердин финансылык жүгүн азайтуу;
  • узак мөөнөттүү социалдык жана экономикалык тобокелдиктерди азайтуу.

Бул мыйзам долбоорунун кабыл алынышы министрлер кабинетинин токтом долбоорун иштеп чыгуу зарылдыгы келип чыгат жана нормативдик укуктук актыларга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылат. 

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.