Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Кыргызстанда коомдук тамактануучу жайларды текшерүү кайра жанданышы мүмкүн

Саламаттыкты сактоо министрлиги ишкерликти текшерүүгө учурдагы мораторийди өзгөртүүнү сунуштаган президенттин жарлыгынын долбоорун коомдук талкууга койду.

Кыргызстанда коомдук тамактануучу жайларды текшерүү кайра жанданышы мүмкүн
Иллюстрациялык сүрөт

Мекеме тамак-ашты өндүрүү, сатуу жана даярдоо менен алектенген объекттерди санитардык-эпидемиологиялык текшерүүдөн өткөрүүгө уруксат сурап жатат. Буга кафелер, тез тамактануучу жайлар, соода түйүндөрү жана коомдук тамактануу жайлары кирет.

Мекеменин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2025-жылы тамак-аштан 233 уулануу учуру катталып, 586 адам жабыркаган. Ботулизмден беш адам каза болгон.

2026-жылдын башынан бери тамак-аштан уулануу жана ботулизм боюнча 43 учур катталып, 124 адам жабыркаган.

Эске салсак, өлкөдө бизнести текшерүүгө киргизилген мораторий 2026-жылдын аягына чейин күчүндө.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.