23-июнда өткөн кеңешменин жүрүшүндө, европалык тараптан келип түшкөн, Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жана санкциялык тобокелдиктер менен байланыштуу болушу мүмкүн болгон айрым юридикалык жактардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү суроо-талап каралды. Ошондой эле финансылык сектордогу санкциялык тобокелдиктерди башкаруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Өзүнчө блок катары мамлекеттик банктар тарабынан комплаенс-көзөмөл тутумун чыңдоо жана эл аралык чектөө режимдерин сактоо боюнча ишке ашырылып жаткан чаралар каралды.
«Мамлекеттик банктар тарабынан эл аралык төлөмдөргө туруктуу негизде мониторинг жүргүзүлүп жатканы жана ички контролдоо жол-жоболору өркүндөтүлүп жатканы белгиленди. Мамлекеттик банктар Европа Биримдигинин, Улуу Британиянын, Америка Кошмо Штаттарынын жана башкалардын санкциялык тизмелерине ылайык кардарларды жана төлөмдөрдү күн сайын скринингден өткөрүшүүдө. Ошондой эле кардарлардын менчик түзүмүн, алардын ишмердүүлүгүнүн мүнөзүн, контрагенттердин географиясын, товардык номенклатураны жана башка тобокелдик факторлорун талдоону камтыган тобокелдикке багытталган ыкманы колдонушууда», - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле белгиленгендей, санкциялык тизмелер менен дал келүүлөр же санкциялык тобокелдиктин жогору белгилери аныкталган операциялар четке кагылат же ички жол-жоболорго жана мыйзамдардын талаптарына ылайык кошумча текшерүүдөн өткөрүлөт.
Кардарларды жана төлөмдөрдү комплекстүү текшерүү үчүн LexisNexis компаниясынын WorldCompliance эл аралык системасы колдонулат. Күчөтүлгөн мониторинг төлөмдөрдү жүргүзүүгө негиз болгон документтерди талдоону, акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын текшерүүнү, операциялардын экономикалык негиздүүлүгүн баалоону, ошондой эле зарыл болгон учурларда кошумча документтерди жана түшүндүрмөлөрдү талап кылууну камтыйт.
Жыйындын жүрүшүндө жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыктары белгиленди. Тактап айтканда, мамлекеттик банктар тарабынан комплаенс-жол-жоболорун күчөтүүнүн алкагында 2026-жылдын 1-майынан тартып:
- «Элдик Банк» ААК болжол менен 80 компания менен ишкердик мамилелерин токтотту, дагы 40ка жакын компания боюнча тиешелүү текшерүүлөрдү аяктоо процесси жүрүп жатат. Шектүү финансылык операцияларга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралардын алкагында үстүбүздөгү жылы ыйгарым укуктуу органга шектүү операциялар тууралуу 13 миңге жакын билдирүү жөнөтүлгөн;
- «АБанк» ААК болжол менен 51 компания менен ишкердик мамилелерин токтотту, дагы 40ка жакын компания боюнча тиешелүү текшерүүлөрдү аяктоо процесси жүрүп жатат. Шектүү финансылык операцияларга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралардын алкагында үстүбүздөгү жылы ыйгарым укуктуу органга шектүү операциялар тууралуу 4 миңге жакын билдирүү жөнөтүлгөн.
Мамлекеттик банктар операцияларды жүргүзүүнүн бардык баскычтарында комплаенс-көзөмөлдү ырааттуу күчөтүүнү уланта тургандыгы баса белгиленди.
«Төлөмдөрдү жүргүзүүгө негиз болгон документтерди тереңдетилген текшерүүгө, товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн акыркы алуучуларын аныктоого, ошондой эле жеткирүүлөрдүн багытталган өлкөлөрүн тактоого өзгөчө көңүл бурулат. Санкциялык тобокелдиктерге көзөмөлдү күчөтүү максатында мамлекеттик банктарда санкциялык тобокелдиктерди башкаруу боюнча комитеттер түзүлгөн. Алар комплаенс маселелерин координациялап, эл аралык санкциялык талаптардын сакталышына мониторинг жүргүзүүнү жана Европа Биримдиги, Улуу Британия жана АКШнын санкциялык режимдерине ылайык алдын алуучу чаралардын ишке ашырылышын көзөмөлдөөнү камсыз кылышат», - деп жазылат маалыматта.
Кыргызстан өз аймагынын, финансылык тутумунун жана юрисдикциясынын эл аралык чектөө чараларын айланып өтүү үчүн пайдаланылышына жол бербөө боюнча чараларды ырааттуу түрдө ишке ашырып келет.
Бул багыттагы иштин артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн ачыктыгын камсыз кылуу;
- улуттук экономикалык кызыкчылыктарды коргоо;
- финансылык тутумдун туруктуулугун сактоо;
- эл аралык өнөктөштөрдүн жогорку ишенимин камсыз кылуу.
Эске салсак, июнь айынын башында Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков президенттин санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу маселелери боюнча атайын өкүлү болуп дайындалган. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон. Атайын өкүл санкциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялап, эл аралык өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Ошондой эле санкциялардын өлкө экономикасына тийгизген таасирин талдап, улуттук экономикалык кызыкчылыктарды коргоо боюнча сунуштарды даярдайт.
Жакында эле Бакыт Сыдыков Кыргызстанда 50 компания жогорку санкциялык тобокелдиктерге байланыштуу жоюларын билдирген.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.