Кыргызстанда «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алуу шарттары катаалданат

Жөлөкпулдар кайра каралууда: эми кимге көбүрөөк төлөнүп баштайт жана ким мамлекеттен алган колдоосун жоготушу мүмкүн? Кыргызстанда эрежелерди катаалдаштыруу жана төлөмдөрдү көбөйтүү сунушталууда.

Кыргызстанда «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алуу шарттары катаалданат
Иллюстрациялык сүрөт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө министрлер кабинетинин токтом долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Документ социалдык колдоонун негизги чараларынын бири болуп саналган «үй-бүлөгө көмөк» программасынын даректүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Ведомствонун маалыматы боюнча, 2025-жылы ага 3,2 миллиард сомдон ашык каражат жумшалып, 162 миңден ашык адам алган.

Кепилденген минималдуу кирешени (КМК) 1000 сомдон 1500 сомго чейин көтөрүү сунушталууда, бул чындап муктаж үй-бүлөлөрдүн камтылышын кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. 

Мүлктүк критерийлерди катаалдаштыруу: 

  • эгерде үй-бүлөдө 15 жаштан кичүү автоунаа болсо, жөлөк пул дайындалбайт; 
  • эки же андан көп турак жай объектисине ээ болгон үй-бүлөлөр чыгарылат.

Маалымкаттарды чогултуу зарылдыгын азайтуу үчүн «Түндүк» системасы аркылуу маалымат алмашууну жакшыртуу пландаштырылууда. 

Министрликтин баамында, азыркы учурда формалдуу эмес иш менен камсыз болуунун жогорку үлүшүнөн улам (60%дан ашык) жакыр эмес үй-бүлөлөрдүн бир бөлүгү кирешелерин жашырып жөлөк пул алып жатышат, ал эми чындап муктаж болгондор системадан тышкары калышы мүмкүн. 

Мындан тышкары, инфляциянын, жашоо минимумунун жана жакырчылыктын деңгээлинин өсүшүнө карабастан, КМКнын өлчөмү 2009-жылдан бери кайра каралган эмес. 

Долбоор ошондой эле жөлөк пулду башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча планды иштеп чыгууну жана бир катар мыйзам алдындагы актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.