Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Кыргызстандыктарга күн панелдерине жана экологиялык жылытууга жеңилдетилген насыялар берилет

Кыргызстанда абанын булганышын азайтуу жана экологиялык таза технологияларды киргизүүгө багытталган «Абанын сапатын жакшыртуу», мамлекеттик программасы ишке ашырылууда.

Кыргызстандыктарга күн панелдерине жана экологиялык жылытууга жеңилдетилген насыялар берилет
Иллюстрациялык сүрөт

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, жеңилдетилген насыяны банки «Элдик Банк», «Айыл Банк» жана «Бакай Банк» аркылуу алууга болот.

Жарандарга экологиялык жылытуу жана энергия системаларын орнотуу үчүн жылына 6% менен 1 миллион сомго чейин насыялар берилет. Ал эми ишкерлер өндүрүштү модернизациялоо жана энергияны үнөмдөөчү технологияларды киргизүү үчүн жылына 10% менен 5 миллион сомго чейин ала алышат.

Каражатка күн батареяларын, жылуулук насосторун, электр казандарын жана башка экологиялык жактан таза жабдууларды сатып алууга болот.

Министрлик бул өлкөдөгү экологиялык абалды жакшыртууга жардам берерин белгилеп, тургундарды жана ишканаларды программага активдүү катышууга үндөдү.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.