Азыраак бюрократия жана жаңы куралдар: Кыргызстанда ислам банкинги жаңы деңгээлге чыгат

Финансылык жөнгө салуучу орган ислам каржылык уюмдарынын жана алардын кардарларынын жашоосун жеңилдетүү үчүн түзөтүүлөрдү даярдады. Аталган тармак 2025-жылы 2,1 эсеге көбөйгөндүктөн, жөнгө салуучу орган күрөө мониторингин жөнөкөйлөтүп, капиталга талаптарды жаңыртып, виртуалдык активдер үчүн эскроу-эсептерин киргизүүдө.

Азыраак бюрократия жана жаңы куралдар: Кыргызстанда ислам банкинги жаңы деңгээлге чыгат
Иллюстрациялык сүрөт

КРнын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштады. Токтомдун долбоору кадимки жана ислам каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган финансы-кредит уюмдары үчүн төмөнкүлөр боюнча бирдей укуктук чөйрөнү түзүү максатында иштелип чыккан:  

  • кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча талаптарды жана ыкмаларды актуалдаштыруу;  
  • күрөөгө мониторинг жүргүзүү механизмдерин өркүндөтүү; 
  • капиталга коюлган талаптарды актуалдаштыруу;  

«2025-жылдын 31-декабрына карата 6 коммерциялык банк улуттук жана (же) чет өлкө валютасында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык кызмат көрсөтөт. Ислам принциптери боюнча каржылоонун көлөмү 2025-жыл ичинде 2,1 эсеге көбөйүп, 19,2 млрд сомду түздү (2024-жылдын аягында – 9 млрд сом). Ислам принциптери боюнча банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн көбөйүшүнө байланыштуу, ошондой эле кадимки банктар үчүн да, ислам банктары жана банктардагы «ислам терезелери» үчүн да бирдей укуктук чөйрөнү камсыз кылуу максатында, жөнгө салуу талаптарын туруктуу негизде кайра карап чыгуу зарылдыгы келип чыккан», - деп жазылат түшүндүрмө берүүчү бөлүктө.

Башкарманын 2025-жылдын 12-ноябрындагы токтомуна ылайык:

1.Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоого виртуалдык активдер боюнча эскроу-эсеби жөнүндө түшүнүк киргизилген, ага ылайык, банкка виртуалдык активди сунуштоочу менен сатып алуучунун ортосунда ортомчу болууга мүмкүндүк берилет. Мында «Коммерциялык банктардын баалуу металлдар менен операциялары жөнүндө» жобого киргизилген өзгөртүүгө ылайык, баалуу металлдардагы активдердин максималдуу көлөмүн жана баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүүгө каралган каражаттардын суммасын эсептөөдө виртуалдык активдерди биринчи жолу жайгаштырууга байланышкан финансылык кызматтарды көрсөтүүнүн алкагындагы баалуу металлдардагы активдер жана каражаттар эсепке алынбайт. 

Көрсөтүлгөн документтерге ылайык келтирүү максатында, төмөнкү жоболорго тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилүүдө:

  • «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө»;
  • Коммерциялык банктардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык баалуу металлдар менен жүзөгө ашырылуучу операциялары жөнүндө». 

2. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого административдик жүктү (милдеттерди) азайтуу максатында, чекене кредит берүү бөлүгүндө кредиттин максаттарын жеринде мониторинг жүргүзүү жана документ жүзүндө тастыктоо үчүн лимиттер 250 миң сомдон 300 миң жана 500 миң сомго чейин кайра каралды

3. Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө нускоого тактоо киргизилди, ага ылайык министрлер кабинетинин чечими боюнча улуттук экономика субъектине, анын ичинде өлкөнүн улуттук жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга көмөктөшүү максатында берилген кепилдик менен камсыздалган талаптар да бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеминен алып салынат. Ушундай эле тактоо ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган каржылоо чектери жөнүндө нускоого киргизилет.  

4. «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервке тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобого толуктоо киргизилген, ага ылайык, банк кардарга алдын ала билдирүүсүз кайсыл болбосун убакта шартсыз кайтарып алуу (жокко чыгаруу) укугуна ээ баланстан тышкаркы милдеттенмелерди «нормалдуулар» категориясына классификациялоого укуктуу. 

Ушул сыяктуу эле ченем «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга чегерүүлөр жөнүндө» жобого киргизилди. 

5. Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоодо, тобокелдүү активдердин эсебине киргизилген рейтинги жогору суверендүү гарантиялар боюнча эл аралык ыкмаларды эске алуу менен капиталга карата талаптар актуалдаштырылган, ошондой эле субординацияланган карызды талаптагыдай верификациялоосуз кошуу тобокелдигине жол бербөө үчүн, мындай инструментти тартууну Улуттук банк менен алдын ала макулдашуу талабы белгиленген. 

Жогоруда көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актыга ылайык келтирүү максатында, кадимки банктар үчүн Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоодо жогорку рейтингдеги суверендүү гарантияларга карата эл аралык ыкмаларды эске алуу менен капиталга талаптар да актуалдаштырылат. 

Белгиленгендей, токтом долбоорлорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт. 

Документ КР УБ расмий сайтына жарыяланды. Толугу менен бул шилтемени басып таанышууга мүмкүн. 

Кызыкдар болгон жактар токтом долбоору боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2026-жылдын 6-мартынан кечиктирбестен, [email protected] электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл. 

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.