Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Пайыздык чен төмөндөдү, унаа алуу кыялыңыз жакындады: BAKAI автокаржылоо шарттарын жакшыртты

BAKAI автонасыялоо жана автокаржылоо боюнча пайыздык ченди төмөндөткөнүн жарыялайт. Эми банк кардарлары унааны мурдагы 22% ордуна 18,5%дан башталган пайыздык чен менен тариздей алышат. Бул унаа сатып алууну дагы да жеткиликтүү кылат.

Пайыздык чен төмөндөдү, унаа алуу кыялыңыз жакындады: BAKAI автокаржылоо шарттарын жакшыртты
ФОТО: BAKAI

Жаңыланган шарттар төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • пайыздык чен 18,5%дан башталат;
  • каржылоо суммасы 18 млн сомго чейин;
  • мөөнөтү 60 айга чейин;
  • баштапкы төлөм 20%дан башталат.

Жаңы шарттар жеке колдонуудагы же үй-бүлөлүк унаа үчүн ыңгайлуу сатып алуу форматын тандоого мүмкүнчүлүк берет.

Пайыздык чендин төмөндөшү – BAKAI’дын жеткиликтүү каржылык чечимдерди өнүктүрүү жана кардарларга ири сатып алууларды ишке ашырууда колдоо көрсөтүү стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат. Жаңыланган шарттардын аркасында кардарлар каржылык жактан оорчулукту жеңилдетип, унаалуу болууга дагы тезирээк жете алышат.

«Кардарлар арасында автокаржылоого болгон кызыгуу жогору экенин көрүп жатабыз жана мындай чечимдерди мурдагыдан да жеткиликтүү кылууга аракеттенебиз. Жаңы шарттар үй-бүлөлүк бюджет үчүн ыңгайлуу жана пайдалуу шартта унаа тариздөөгө мүмкүнчүлүк берет деп ишенебиз», - деп белгилешти BAKAI’дан. 

Автонасыяга же автокаржылоого арызды дароо азыр берсеңиз болот:

  • BAKAI банктык бөлүмдөрүндө;
  • BAKAI мобилдик банкы аркылуу.

BAKAI ыңгайлуулукту, digital-сервистерди жана кардарлар үчүн чыныгы пайдалуу мүмкүнчүлүктөрдү айкалыштырган заманбап каржылык чечимдерди өнүктүрүүнү улантууда.

Маанилүү: Материал жарнама катары жарыяланган.
Мазмун толугу менен кардар тарабынан түзүлгөн жана Banks.kg редакциясынын пикирин чагылдырбашы мүмкүн. Маалыматтар маалыматтык максатта гана берилет. Жарнамалардагы маалыматтын тактыгы үчүн жарнама берүүчүлөр гана жооптуу.

Заявка на кредит «Автоунаа каржылоосу» от «Бакай Банк»

Сиздин сурооңуз банктын операторуна дароо жөнөтүлүшү үчүн арызды онлайн толтуруңуз. Кыска убакыттын ичинде адис сиз менен пайдалуу сунуш жасоо үчүн байланышат.

+996

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.