Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Карта аксессуар катары: MBANK 35 жаңы санарип дизайнды кошту

Кыргызстанда банк карталарынын саны 10 миллионго жакындады. Улуттук банктын маалыматына ылайык, 2025-жылы жүгүртүүдө 9,9 миллион карта болгон. Бул мурунку жылга салыштырмалуу 7,9%га көп.

Карта аксессуар катары: MBANK 35 жаңы санарип дизайнды кошту
сүрөт: MBANK

Ушуга байланыштуу MBANK карталардын санарип дизайндарынын түрлөрүн көбөйттү: банк 35 жаңы вариантты кошту. Дизайндардын топтомун ай сайын толуктап туруу пландалууда. Жеткиликтүү варианттардын арасында минималисттик стилден тартып, ачык түстүү жана өзгөчө чечимдерге чейин бар.

Банктын маалыматына ылайык, жаңы дизайнды мобилдик колдонмодон тандаса болот.

Картанын дизайнын кантип өзгөртүүгө болот:

  1. MBANK колдонмосун ачыңыз;
  2. «Менин банкым» бөлүмүнө өтүңүз;
  3. Дизайнын өзгөрткүңүз келген картаны тандаңыз;
  4. «Картанын дизайнын өзгөртүү» баскычын басыңыз;
  5. Өзүңүзгө жаккан вариантты тандап, ырастап коюңуз.

Картанын дизайнын каалаган убакта өзгөртүүгө болот. Бул үчүн банк бөлүмүнө баруунун кажети жок.

MBANK – Биринчи санарип! Кыргызстандын өнүмү!

КРУБ №014 лицензиясы.

Маанилүү: Материал жарнама катары жарыяланган.
Мазмун толугу менен кардар тарабынан түзүлгөн жана Banks.kg редакциясынын пикирин чагылдырбашы мүмкүн. Маалыматтар маалыматтык максатта гана берилет. Жарнамалардагы маалыматтын тактыгы үчүн жарнама берүүчүлөр гана жооптуу.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.