Жылдык 14,11%га чейин: MBANK «Мудараба» аманатынын күтүлгөн кирешелүүлүгүн жогорулатты
MBANK «Мудараба» аманатынын күтүлгөн кирешелүүлүгүн жылдык 14,11%га чейин жогорулатууда. Мөөнөттүү аманат исламдык каржылоо шарттарында иштейт.

Аманатты MIslamic'те 36 айга чейинки мөөнөткө ачууга болот. Каражатты жайгаштыруу мөөнөтүн кардар өзү тандайт, ал эми күтүлгөн киреше ай сайын төлөнөт. Өнүм банктын Шариат кеңеши тарабынан жактырылган.
MBANK колдонмосунан аманат ачуу үчүн төмөнкү кадамдарды аткаруу керек:
- MBANK колдонмосун ачыңыз;
- төмөнкү оң бурчтагы «Дагы» баскычын басыңыз;
- профилиңизге кирип, банкинг түрүн MIslamic'ке өзгөртүңүз;
- башкы менюдан «Мудараба» бөлүмүн тандаңыз;
- аманаттын ылайыктуу түрүн тандап, «Улантуу» баскычын басыңыз;
- шарттары менен таанышып, маалыматтарды толтуруңуз жана «Улантуу» баскычын басыңыз;
- «Аманатты ачуу» баскычын басыңыз;
- SMS аркылуу келген бир жолку кодду жазыңыз.
Андан кийин аманатыңыз «Мудараба» бөлүмүндө пайда болот.
Аманатты ачуу үчүн шилтеме аркылуу дароо өтсөңүз болот. Эгер аманатты жеке өзүңүз ачуу ыңгайлуу болсо, MBANK’тын жакынкы бөлүмүнө кайрылыңыз.
MIslamic – исламдык санарип банк.
КРУБ №014/1 лицензиясы.
Маанилүү: Материал жарнама катары жарыяланган.
Мазмун толугу менен кардар тарабынан түзүлгөн жана Banks.kg редакциясынын пикирин чагылдырбашы мүмкүн. Маалыматтар маалыматтык максатта гана берилет. Жарнамалардагы маалыматтын тактыгы үчүн жарнама берүүчүлөр гана жооптуу.
Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.