Жакынкы Чыгыштагы согуш Дубайда алтындын арзандоосуна алып келди

Жакынкы Чыгыштагы чыр-чатактын күчөшү баалуу металлдар рыногуна таасирин тийгизип, Дубайда алтынды олуттуу арзандатуу менен сатууда.

Жакынкы Чыгыштагы согуш Дубайда алтындын арзандоосуна алып келди
Сүрөт: REUTERS

Бул тууралуу Bloomberg басылмасы билдирди. 

Агенттиктин маалыматына караганда, Ирандын айланасындагы курч кырдаал каттамдардын токтотулушуна алып келип, эл аралык рыноктор ортосунда алтын ташууну кыйындаткан. Логистикалык көйгөйлөр, жеткирүү жана камсыздандыруу боюнча жогорку чыгымдардан чочулаган сатып алуучулар жаңы буйрутмалардан убактылуу баш тартышкан. 

Натыйжада соодагерлер алтынды кадимки базар баасынан 30 долларга чейин арзандатуу менен бере башташкан.

Bloomberg белгилегендей, Бириккен Араб Эмираттары өзгөчө Дубай баалуу металлдарды сатуу жана кайра иштетүү боюнча дүйнөдөгү негизги борборлордун бири. Бул борбор Азия боюнча алтынды экспорттоону, ошондой эле Швейцариядан, Улуу Британиядан жана Африканын бир катар өлкөлөрүнөн ташууну жеңилдетет.

Бирок Ирандын ракеталык чабуулдарынан улам аймактагы кээ бир аба мейкиндиги жабылып, аба каттамдарын кыйындатып, баалуу металлдарды жеткирүү түйүндөрүнө таасирин тийгизүүдө.

Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2026-жылдын 9-мартына карата алтын куймаларынын бааларын жарыялады:

  • 1 г — сатып алуу 15 770 сом, сатуу 15 943,50 сом;
  • 2 г — сатып алуу 30 263,50 сом, сатуу 30 738,50 сом;
  • 5 г — сатып алуу 73 979,50 сом, сатуу 75 585 сом;
  • 10 г — сатып алуу 145 077 сом, сатуу 145 431 сом;
  • 31,1035 г — сатып алуу 450 542,50 сом, сатуу 457 300,50 сом;
  • 100 г — сатып алуу 1 448 380,50 сом, сатуу 1 491 831,50 сом.

Улуттук банктын алтын куймалары Кыргызстандын калкы арасында популярдуу инвестициялык инструмент болуп саналат жана өлкөнүн коммерциялык банктары аркылуу да сатылат.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.