Милиция 4 млн сомго жасалма насыя берген күрөөкананын кызматкерин кармады

Чүй облусунда ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу фактысы боюнча шектелген күрөөкананын кызматкери кармалды.

Милиция 4 млн сомго жасалма насыя берген күрөөкананын кызматкерин кармады
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди. 

Милициянын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 11-январында Ысык-Ата РИИБине 1999-жылы туулган Ц.К. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда «У.П.» күрөөканасында эксперт-баалоочу-кассир болуп иштеген жаран жасалма насыя берүү иштерин жогорулатылган баада жүргүзүп, акча каражаттарын өзүнө ыйгарып алганын жазган.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, 2024-жылдын ноябрь айынан 2025-жылдын 31-декабрына чейинки аралыкта шектүү жаран жалпы суммасы 4 млн сомду түзгөн акча каражаттарын ыйгарып алган.

Бул факты КЖКнын 210-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу») боюнча кылмыш иши козголгон.

Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык, 1986-жылы туулган С.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.