Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Wildberries кампаларына болгон чабуул: кыргызстандык ишкерлердин чыгымы бааланууда

Экономика жана коммерция министрлиги Wildberries-Russ компаниясынын логистикалык кампаларына жасалган чабуулдан улам жабыркаган ата мекендик ишкерлердин чыгымын баалоо иштерин координациялоодо.

Wildberries кампаларына болгон чабуул: кыргызстандык ишкерлердин чыгымы бааланууда
Сүрөт: интернеттен алынды

Министрликтин маалыматына ылайык, буга карата 21-июлда экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Wildberries-Russ компаниясынын өкүлү Александр Воробьев менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Москва облусундагы Электросталь жана Тамбов облусундагы Котовск шаарларындагы кампаларга жасалган чабуулдун кесепеттери талкууланды.  

Бул окуядан кампаларда товарлары сакталган Кыргызстандын тигүү тармагынын ишкерлери дагы жабыркаганы белгиленди.

Учурда Wildberries компаниясынын өкүлдөрү келтирилген зыянды баалоо иштери жүрүп жатканын маалымдашты. Ошол эле учурда Экономика министрлиги ата мекендик тигүү тармагынын өкүлдөрүнүн алдын ала чыгымын аныктоо максатында сурамжылоо жүргүзүп, маалыматтарды чогултууда.

Баалоо иштери аяктап, министрликтин жүргүзгөн талдоосу аяктагандан кийин маселелерди жөнгө салуу жана биргелешкен чечимдерди кабыл алуу үчүн кошумча эки тараптуу жолугушуулар уюштурулат.

Эске салсак, окуядан кийин Wildberries компаниясынын негиздөөчүсү Татьяна Ким каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга компания тарабынан каржылык колдоо көрсөтүлөрүн билдирген

«Биздин бардык өнөктөштөрүбүздү объектилерибизде сакталган товарлар үчүн компенсация маселеси тынчсыздандырууда. Өзгөчө кырдаал болуп жатканына жана жоголгон товар үчүн компенсация төлөп берүү боюнча юридикалык милдеттенмебиз жок экенине карабастан, биз сатуучуларга төлөнө турган компенсациялардын көлөмүн жана башка каржылык колдоо чараларын иштеп чыгып жатабыз», - деп билдирген ал.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.