Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматтарында айтылат.
Экинчи чейректин жыйынтыгы боюнча жашоо минимуму 9 873,28 сомду түзгөн.
Муну менен катар жыл башынан бери Кыргызстанда керектөө баалары жана тарифтер 8,1%га өскөн.
Эң көп каражат эмнеге жумшалат
Жашоо минимумунун негизги бөлүгүн азык-түлүккө кеткен чыгымдар түзөт - 6 428,68 сом. Анын ичинде:
- эт - 2 353,8 сом;
- сүт жана сүт азыктары - 1 235,73 сом;
- мөмө-жемиштер жана мөмөлөр - 619,85 сом;
- жашылчалар - 409,88 сом;
- нан азыктары - 811,23 сом;
- картошка - 206,03 сом;
- балык - 173,13 сом;
- жумуртка - 214,38 сом;
- кант - 141,56 сом;
- өсүмдүк майы - 172,21 сом.
Азык-түлүк эмес товарларга 1 582,44 сом, кызмат көрсөтүүлөргө 1 681,35 сом туура келет. Дагы 197,81 сомду салыктар жана милдеттүү төлөмдөр түзөт.
Калктын ар кандай категориялары үчүн белгиленген жашоо минимуму канча
Эмгекке жарамдуу курактагы эркектер үчүн жашоо минимуму айына 11 061,65 сомду, ал эми эмгекке жарамдуу курактагы аялдар үчүн 11 292,41 сомду түзөт.
Пенсионерлер үчүн бул көрсөткүч 8 694,94 сомго барабар.
Балдар үчүн жашоо минимуму жаш курагына жараша белгиленет:
- 0 жаштан 7 жашка чейин - 8 424,51 сом;
- 7 жаштан 14 жашка чейин - 7 497,65 сом;
- 14 жаштан 17 жашка чейин - 8 708,89 сом.
Кайсы аймакта жашоо минимуму эң жогору
Жашоо минимумунун эң жогорку көрсөткүчү Бишкек шаарында катталып, киши башына айына 10 226,61 сомду түздү. Экинчи орунда Ош облусу турат - 10 110,23 сом.
Башка аймактардагы көрсөткүчтөр төмөнкүдөй:
- Жалал-Абад облусу - 10 089,06 сом;
- Нарын облусу - 9 905,26 сом;
- Ош шаары - 9 596,61 сом;
- Баткен облусу - 9 491,24 сом;
- Ысык-Көл облусу - 9 183,34 сом;
- Чүй облусу - 9 112,4 сом;
- Талас облусу - 8 970,54 сом.
Эске салсак, жыл башынан бери Кыргызстанда баалар жана тарифтер 8,1%га өскөн. Кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы эң көп кымбаттаса, азык-түлүктөрдүн ичинен эт, сүт азыктары жана өсүмдүк майынын баасы жогорулаган.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.