Документке ылайык, орточо эсеп менен алганда калктын жан башына жашоо минимуму айына 8 697,32 сомду түздү.
Жашоо минимуму социалдык топтор боюнча:
- эмгекке жөндөмдүү калк - 9 738,29 сом;
- эркектер үчүн — 9 983,49 сом;
- аялдар үчүн — 9 694,40 сом;
- пенсионерлер үчүн — 7 699,36 сом;
- балдар үчүн — 7 379,07 сомду түздү.
Жашоо минимумунун түзүмү
Чыгымдардын жалпы түзүмүндө эң чоң үлүштү төмөнкүлөр ээлейт:
- азык-түлүк товарлары — 5 653,26 сом;
- кызмат көрсөтүүлөр — 1 478,54 сом;
- азык-түлүк эмес товарлар — 1 391,57 сом;
- салыктар жана жыйымдар — 173,95 сом.
Аймактар боюнча маалымат
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, эң жогорку минимум эки шаарда белгиленип, 9 000 сомдон ашкан. Региондор боюнча жашоо минимуму (жан башына орточо):
- Баткен облусу — 8 226,8 сом;
- Жалал-Абад облусу — 8 981,21 сом;
- Ысык-Көл облусу — 7 908,1 сом;
- Нарын облусу — 8 462,9 сом;
- Ош облусу — 7 960,28 сом;
- Талас облусу — 8 150,95 сом;
- Чүй облусу — 8 796,98 сом;
- Бишкек шаары — 9 216,26 сом;
- Ош шаары — 9 093,97 сом.
Көрсөткүчтөр орточо бир айга эсептелген жана адамдын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон товарларды жана кызматтарды керектөөнүн минималдуу деңгээлин чагылдырат.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.