Лизингдик инструменттерди өнүктүрүү алкагында айыл чарба жана атайын техника парктарын жаңылоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган эки жаңы кепилдик продуктысы - «Ижара» жана «Ижара плюс» сунушталды.
Бүгүнкү күндө лизинг өндүрүштү модернизациялоонун натыйжалуу жана жеткиликтүү механизмдеринин бири болуп саналат. Бирок көпчүлүк ишкерлер үчүн алдын ала төлөмдүн зарылдыгы олуттуу тоскоолдук жаратып келет. Жаңы продукттар ушул маселени жеңилдетүүгө багытталган:
- «Ижара» - лизинг предметинин баасынын 20% чейин кепилдик менен жабат;
- «Ижара плюс» - лизинг боюнча алдын ала төлөмдүн 30% чейин жаап берет.
Бул инструменттердин аркасында ишкерлерде өз каражаттарынын жетишсиздиги болсо да, заманбап техника жана жабдууларды лизинг аркылуу алуу мүмкүнчүлүгү кеңейет.
Кошумча маалыматты 7500 кыска номери аркылуу же www.gf.kg сайтынан алууга болот.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.