Бул өзгөртүү КРнын 2025-жылдын 31-декабрындагы «Салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамына ылайык киргизилди.
Белгилей кетсек, транзакцияга салынуучу салык буга чейин 2025-жылдын 31-июлундагы КРнын Мыйзамы менен киргизилген. Ал атайын салыктык режим болуп саналат жана чет өлкөлүк банктын эсебинен келип түшкөн акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын банкында ачылган салык төлөөчүнүн эсеби аркылуу гана чет өлкөлүк банктын эсебине которуу операцияларына салык салууну карайт.
МСК түшүндүргөндөй, эсеп ачылган банк транзакциялык операция жүргүзүлгөн учурда бул салыкты салык агенти катары кармап, бюджетке төлөп берет.
Транзакцияларды жүргүзгөн субъекттер «транзакцияга салынуучу салык» атайын салык режимин гана колдонууга укуктуу. Алар 2026-жылдын 1-февралына чейин салыктык каттоодон өткөн жери боюнча «транзакцияга салынуучу салык» атайын салык режимин колдонуу үчүн арыз берүүгө милдеттүү.
Бул салыкты колдонгон салык төлөөчүлөрдүн Кыргыз Республикасынын аймагында башка ишмердүүлүктү жүргүзүүгө укугу жок экендигин белгилей кетүү маанилүү. Эгерде транзакциялык ишмердүүлүк башка ишмердүүлүк менен айкалышса, салык төлөөчү мындай ишти жүргүзүү үчүн өзүнчө ЖЧК же жеке ишкер катары каттоодон өтүүгө тийиш.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.