Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Төлөмдөр 2026-жылдын 1-июлунан тартып бериле баштайт жана үй-бүлөнүн кирешесине карабастан, үч жашка чейинки ар бир балага берилет. Жөлөкпулдун көлөмү ай сайын 1200 сомду түзөт.
Чечим Аялдардын эл аралык күнү — 8-марттын алдында жана жарандардын көптөгөн кайрылууларына жооп катары кабыл алынган.
Президент бул чечим баланын өнүгүүсүнүн эң маанилүү мезгилинде үй-бүлөлөрдү колдоого багытталганын белгиледи.
«Мамлекет башчысы катары мен мамлекеттик жөлөкпулдар системасына байланышкан көптөгөн арыз-даттануулар түшүп жатканын көрүп жатам. Көп учурда жөлөкпул алуу дээрлик өтө албай турган тоскоолдуктарга айланып кетет. Энелердин басымдуу бөлүгүнүн чыныгы муктаждыктары көбүнчө көңүл сыртында калууда. Үй-бүлөлөр мамлекеттен жардам сурап кайрылышат, бирок колдоо алуунун ордуна баш тартууларга жана бүтпөгөн бюрократиялык жол-жоболорго туш болушат», - деп билдирди Садыр Жапаров.
Өлкө башчы белгилегендей, адамдын эң негизги дене тарбиялык жана акыл-эс жөндөмдөрү жашоосунун дал ушул алгачкы жылдарында калыптанат жана өмүр бою сакталып калат.
«Биз билебиз: ар бир бала өзүнүн ырыскысы, бактысы жана берекеси менен төрөлөт. Албетте, кээ бирөөлөр мында кыянаттык менен пайдалануу болушу мүмкүн деп айтар. Бирок мен чындап муктаж болгон бир дагы бала колдоосуз жана азык-түлүксүз калбашы үчүн мамлекет муктаж эместерге бир нече ашыкча жөлөкпул төлөгөнү жакшы деп эсептейм», - деди ал.
Президент министрлер кабинетине жаңы жөлөкпулду киргизүү иштерин иштеп чыгууну тапшырды.
Жаңы социалдык колдоо чарасы балдар арасындагы жакырчылыктын деңгээлин азайтууга жана баланын өнүгүүсүнүн эң маанилүү мезгилинде үй-бүлөлөргө кепилденген жардам көрсөтүүгө багытталган.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда үч жашка чейинки болжол менен 445 миңдей бала жашайт.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.