Жогоруда аталган мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр биринчи кезекте ипотекалык кредиттерди, ошондой эле ата мекендик өнөр жай продукциясын сатып алуу үчүн кредиттерди алууда баштапкы төлөмдүн жетишсиздиги көйгөйүн чечүүгө багытталган.
Эми Кыргыз Республикасынын жарандарына ипотекалык турак жайды баштапкы төлөмсүз сатып алууда «Кепилдик фонд» ААКсынын өнөктөшү болуп саналган республиканын бардык банк мекемелеринде кепилдик колдоодон пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилди.
Мындан тышкары, өлкөнүн жарандарына мамлекеттик программалардын алкагында каржылоо, бюджеттик кредиттөө жана өз алдынча иш менен алектенгендерге кепилдиктер берилет.
Фото: www

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.