Лицензияны алуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актыларында каралган лицензиялоо жол-жобосунун бардык этаптарынын ийгиликтүү аякташынын жыйынтыгы болду. Банк уставдык капиталды түзүү, ички түзүмдү жана корпоративдик башкаруу тутумдарын бекитүү, ошондой эле негизги кызматкерлерди тандоо боюнча жөнгө салуучунун талаптарын аткарды.
«Лицензия алуу «Мурас Банк» үчүн гана эмес, Кыргызстандагы баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү үчүн да жаңы баракты ачат. Биз жеке жактар жана юридикалык жактар үчүн негизги банктык өнүмдөрдүн топтому менен операциялык ишмердүүлүктү баштоого даярбыз. Ошол эле учурда биздин артыкчылыктуу багытыбыз - инвестициялык инструменттерди ырааттуу кеңейтүү, ички жана эл аралык баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү жана аны инвесторлор үчүн жеткиликтүүрөөк кылуу», - деп комментарий берди Сергей Ентц.
Азыркы учурда «Мурас Банк» мамлекеттик жана төлөм сервистери менен интеграцияны аяктап, ошондой эле өзүнүн мобилдик тиркемесин жана интернет-банкинг тутумун акыркы текшерүү-сыноолордон өткөрүүдө. Операциялык ишмердүүлүктү жакынкы апталарда ишке киргизүү пландалууда.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.