КРнын Улуттук банкынын 2026-жылдын 18-февралындагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 13-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына эскилиги жеткен нак АКШ долларларын алып чыгууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому менен төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:
2026-жылдын 1-сентябрына чейин коммерциялык банктарга эскилиги жеткен нак АКШ долларларын, анын ичинде 2006-жылга чейинки үлгүдөгү нак АКШ долларларын башка нак жана (же) нак эмес АКШ долларларына алмаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгууга уруксат берилсин.
Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы жана Банк эмес уюмдарды көзөмөлдөө башкармалыгы токтом күчүнө кирген күндөн тартып 3 жумуш күнү ичинде документти төмөнкүлөргө тааныштырсын:
- коммерциялык банктарга;
- чет өлкө валютасын сатууга жана сатып алууга укуктуу микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларга;
- алмашуу бюролоруна;
- «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесине;
- «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесине;
- «Альянс» алмашуу бюролорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесине;
- Экономика жана коммерция министрлигине;
- Мамлекеттик бажы кызматына;
- УКМКнын Чек ара кызматына.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.