Бул тууралуу финансылык жөнгө салуучу органдын басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өлкөнүн эрезеге жеткен калкынын финансылык сабаттуулугун үчүнчү улуттук изилдөө боюнча ишин аяктады.
2025-жылдагы изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, өлкөдөгү финансылык сабаттуулуктун жалпы көрсөткүчү 2021-жылга салыштырмалуу 4%га өсүп, 20 баллдан 11,8 баллды түздү. Бул 2023-жылы Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ) эл аралык изилдөөсүнүн маалыматы боюнча, Венгрия, Италия жана Литва сыяктуу жогорку кирешелүү бир катар мамлекеттердин окшош көрсөткүчтөрүнөн жогору.
ЭКӨУ изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстан калкынын финансылык сабаттуулук деңгээли (59%) бир катар төмөнкү өлкөлөрдөгүдөн жогору:
- Камбоджа - 49%;
- Филиппин - 58%;
- Йемен - 42%;
- Италия - 53%;
- Панама - 55%;
- Чили - 56%;
- Коста-Рика - 56%;
- Литва - 56%;
- Венгрия - 58%,
- Уругвай - 58%.
Негизинен, финансылык билимдер секторунда өсүш катталды, алардын деңгээли төрт жылда 10%га жогорулады. Бул калктын негизги экономикалык түшүнүктөрдү жана инструменттерди түшүнүү деңгээли жакшырганын билдирет.
Мындан тышкары, финансылык иш-аракеттин көрсөткүчү 3%га өсүп, 69 пайызга жетти, бул жарандардын көпчүлүгүнүн каражаттарын бөлүштүрүүгө сарамжалдуу мамиле жасап жатканын далилдейт.
Респонденттердин узак мөөнөттүү финансылык маселелерге карата мамилесин субъективдүү баалоо болуп саналган финансылык каражаттарга карата мамиленин көрсөткүчү 8%га төмөндөдү. Бул динамика жарандардын көпчүлүгү узак мөөнөттүү финансылык багыттарды жана пландарды түзбөстөн, учурдагы муктаждыктарга көңүл буруп жатканын, же болбосо финансылык жактан белгисиздик жагдайга туш болуп жатканын көрсөтөт.
Негизги параметрлерден тышкары, изилдөө төмөнкү көрсөткүчтөрүн да камтыйт:
- финансылык бакубаттуулук;
- финансылык туруктуулук;
- санариптик финансылык сабаттуулук;
- финансылык жеткиликтүүлүк.
Ошол сыяктуу эле изилдөөлөр 2017 жана 2021-жылдары да өткөрүлгөн, бул көрсөткүчтөрдүн узак мөөнөттүү динамикасын байкоого мүмкүндүк берет.
Изилдөөнүн жыйынтыгы менен бул шилтемедеги басылмадан кененирээк таанышууга болот.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.