Бул тууралуу финансылык жөнгө салуучу органдын маалымат кызматы билдирди.
10 сом номиналындагы монета «Тарыхый окуялар» сериясында чыгарылды. Эстелик монета 550 нускада чыгарылат.
Монетанын алдыңкы бетинде Шанхай Кызматташтык Уюмунун расмий эмблемасы жана аталган уюмга мүчө-мамлекеттердин Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан желегинин сүрөттөрү түшүрүлгөн.
Монетаны тегерете «Шанхай Кызматташтык Уюмуна 25 жыл/Шанхайской организации сотрудничества – 25 лет» деген жазуу жайгаштырылган. Монетанын жогору жагында, Шанхай Кызматташтык Уюмунун расмий эмблемасынын үстүндө металлдын сапат белгиси (Ag 925) жана салмагы (28,28 g) көрсөтүлгөн, ал эми монетанын төмөнкү бөлүгүндө монетанын номиналы (10) жана сомдун графикалык белгиси (С) түшүрүлгөн.

Монетанын арткы бетинде Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин географиялык картасында Кыргыз Республикасынын герби жана «25» деген сан чагылдырылган. Монетаны тегерете «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы/Национальный банк Кыргызской Республики» деген жазуу түшүрүлгөн. Монетанын төмөнкү бөлүгүндө монетанын чыгарылган жылы (2026) көрсөтүлгөн.
«Шанхай Кызматташтык Уюмуна 25 жыл» коллекциялык монетасы Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.
Бул монетадан тышкары Улуттук банк 2026-жылы дагы үч монета чыгарат:
- «Эгемендүү Кыргыз Республикасына 35 жыл»;
- «Тайган жарыш»;
- «Өрүкзар»;
Маалымат үчүн:
Шанхай Кызматташтык Уюму (ШКУ) – Евразиянын он мамлекетин тең укуктуулук, өз ара ишеним жана эгемендикти урматтоо принциптеринин негизинде бириктирген эл аралык өкмөттөр аралык уюм.
2001-жылы Кытайдын Шанхай шаарында негизделген ШКУ 2026-жылы түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгын белгилейт.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.