KGST улуттук стейблкоини Кыргызстандын күнүмдүк жашоосуна кантип кирет

Улуттук стейблкоин KGSTден QR-коддуу криптотөлөмдөргө чейин Кыргызстандын финтех күн тартиби тездик менен кеңейүүдө. Кирилл Хомяков негизги долбоорлорду, билим берүү жана андагы Binance ролун талкуулайт.

KGST улуттук стейблкоини Кыргызстандын күнүмдүк жашоосуна кантип кирет

Кирилл Хомяков – Binance компаниясынын Борбордук жана Чыгыш Европа, Борбордук Азия жана Африка боюнча аймактык жетекчиси жана Кыргызстандагы виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларын өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин мүчөсү.

- Кирилл, сиз бул жолу Кыргызстанга кандай максат менен келдиңиз жана учурда кандай долбоорлор менен иштеп жатасыз? 

- Мен Бишкекке жумушума байланыштуу тапшырмалардын негизинде келдим. Бизде Кыргызстанда блокчейнди өнүктүрүү боюнча бекитилген стратегиялык план бар, ал КРнын президентине караштуу Виртуалдык активдерди жана блокчейнди өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш тарабынан жактырылган. Мен бул кеңештин мүчөсүмүн жана учурда биз катчылыкка инфраструктура, технология жана Binance менен кызматташуу боюнча жардам берип жатабыз. Биздин азыр биринчи кезектеги приоритетибиз - бул декабрь айынын аягында ишке киргизилген KGST улуттук стейблкоинин  өнүктүрүү.

- Айтсаңыз, KGST долбоорунун башында кандай максаттарды коюудасыз?

- KGST – бул жаш долбоор, ага болгону  бир айдан бир аз ашты. Азыр биздин максат – анын айланасында толук кандуу инфраструктура куруу. Биз чекене жана корпоративдик кардарлар үчүн ыңгайлуу жана тез фиаттык каналдардын үстүндө иштеп жатабыз, ошондо сомду KGSTге жана тескерисинче Кыргызстандын каалаган банкы аркылуу реалдуу убакыт режиминде конвертациялоого болот. Бул үчүн бардык керектүү элементтер бар экени кубандырат: жөнгө салуу, банктардын, Улуттук банктын жана төлөм борборунун колдоосу. Бул инструменттер жакынкы эки ай ичтнде жеткиликтүү болот деп күтөбүз.

- KGST Binance тиркемесинде ишке киргенине бир ай болгондон кийин кандай жыйынтыктарды чыгарууга болот? 

- Бул Кыргызстан үчүн гана эмес, жалпы дүйнө үчүн инновациялык долбоор десек жаңылышпайбыз. Көптөгөн өлкөлөр бүгүнкү күндө улуттук стейблкоиндерге басым жасашууда, анткени алар улуттук валютаны сүрүп чыгаруу коркунучун алып келбейт. KGST сом менен бирге бир  камсыздалган, акча банктагы депозитке жайгаштырылат. Долбоор баштапкы стадиясында, бирок биз чоң кызыгууну көрүүдөбүз жана көптөгөн суроолор келүүдө. Биздин милдет азыр - стейблкоинди колдонууну жөнөкөй, түшүнүктүү жана жеткиликтүү кылуу.

- Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө ушул сыяктуу долбоорлор барбы? 

- Борбор Азияда азырынча мындай долбоорлор жок. Стейблкоин менен CBDC - борбордук банктын санариптик валютасынын айырмасын түшүнүү маанилүү. Сиздин учурда бул санариптик сом. Тажрыйба көрсөткөндөй, мамлекет тарабынан так жөнгө салынган жеке бизнес тарабынан ишке киргизилген стейблкоиндер эффективдүү иштейт.

- Сиз стейблкоинди киргизүүдө экономика үчүн кандайдыр бир тобокелдиктерди көрөсүзбү? 

- Бул жерде терс жактары жок. Улуттук стейблкоин канчалык көп колдонулса, улуттук валюта да ошончолук көп колдонулат, анткени камсыздоо дайыма бирге бир болот. Мындан тышкары, бул жаңы жумуш орундары, салыктар жана эл аралык компаниялардын рынокко агылып келиши. Экономика үчүн бул өзгөчө позитивдүү эффект.

- KGST стейблкоинин колдонууга элди кантип тартууну пландап жатасыз?

- Биз эч кимди күч менен кыйнап стейблкоинге өткөрбөйбүз. Биз билим берүүгө, KGSTнын артыкчылыктарын түшүндүрүүгө жана финансылык стимулдарга басым жасайбыз. Жакынкы арада криптодепозит ишке киргизилет, анда колдонуучулар KGSTны жайгаштыруудан киреше ала алышат. Ошондой эле биз блог, AMA-сессиялар, Telegram жана оффлайн-иш-чаралар аркылуу активдүү иштейбиз.

- Криптовалюталардын баалуулугун салттуу банктарга гана ишенген жарандарга кантип түшүндүрөсүз? 

- Мен ар дайым бул теманы өз алдынча изилдөөнү сунуштайм. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча чоңдордун болжол менен 7%ы криптовалюталарды колдонушат. Биз жеңил акчаны убада кылбайбыз, анткени бул жерде мүмкүнчүлүктөр да, тобокелдиктер да бар. Аудиторияны окутуу үчүн биз Binance Academy өнүктүрүп жатабыз: буга чейин 100дөн ашык макала кыргыз тилине которулду жана бул иш уланууда.

- Келиңиз, Кыргызстанда ишке ашырып жаткан билим берүү долбоорлорун талкуулайлы. Бул иште кандай ийгиликтерге жетиштиңиздер? 

- Биз Binance тиркемесин толугу менен локализацияладык (кыргыз тилине котордук) жана жогорку окуу жайлык  билим берүү турун баштадык. Азыр 10 ЖОЖ камтылды, жалпысынан 36ны пландаштырып жатабыз. Биз студенттер келечекте крипторыноктун негизги аудиториясы болорун көрүп жатабыз, ошондуктан билим берүү биздин негизги багыттарыбыздын бири болуп саналат.

- Кыргызстанда Binance Pay”ди ишке киргизүү боюнча пландарыңыз тууралуу айтып берсеңиз. 

- Биз Binance Pay”ди февраль айынын аягына чейин ишке киргизүүнү пландаштыруудабыз. Колдонуучулар QR-код аркылуу Binance тиркемесинен түз төлөмдөрдү Visa же Mastercard аркылуу төлөгөнгө караганда арзаныраак төлөй алышат. Биз Кыргызстандан транзакцияларды минималдуу комиссиялар менен жүргүзүү үчүн өнөктөштөрдү тандап алдык - бул биз үчүн принципиалдуу, анткени биздин кардарлар кызматты тандоодо дал ушул критерийге таянышат.

- Кыргызстандын банктары криптодемилгелердин өнүгүшүнө кандай реакция кылышат? 

- Абдан жакшы. Бүгүнкү күндө банктар каржылык жөнгө салуучу органдардын колдоосун көрүп, бул рынок активдүү өсөөрүн түшүнүшөт, ошондуктан алар кызматташууга даяр. 

- Binance колдонуучулардын маалыматтарын салык органдарына өткөрүп береби? 

- Жок, Binance колдонуучулардын маалыматтарын салык органдарына суроо боюнча да, автоматтык түрдө да өткөрүп бербейт. Бардык маалыматтар компания тарабынан корголгон. 5-январдан баштап Binance Абу-Дабиде ADGM лицензиясын алып, толугу менен жөнгө салынган биринчи глобалдык криптобиржа болуп калды. Бул жөнгө салуучу орган жеке маалыматтарды коргоого өтө катаал талаптарды коёт.

- Кирилл, көбүнчө блокчейнди толук ачык-айкындуулук деп айтышат: бардык транзакциялар көрүнүп турат жана ага көз салууга болот. Ошол эле учурда банк системасы банктык сыр принцибинде иштейт, бул кардарлар жана операциялар жөнүндө маалыматтарды соттун чечимисиз ачыкка чыгарууга болбойт дегенди билдирет. Бир караганда, булар бири-бирине дал келбегендей көрүнөт. Айтсаңыз, блоксейнде ачык-айкындуулук менен банктык сыр кантип айкалышат?

- Блокчейнде капчыктардын ээлеринин өздүктөрү эмес транзакциялар көрүнөт. Эч ким белгилүү бир адамда канча криптовалютасы бар экенин биле албайт. Бирок, шектүү транзакцияларды байкоого болот. Бул купуялуулукту жана ачык-айкындуулукту камсыздайт.

- Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. 

Маанилүү: Бул макала инвестициялык кеңеш болуп саналбайт.
Окурман биздин сайттан алынган маалыматтын негизинде жасаган бардык аракеттери үчүн өзү жоопкерчилик тартат. Жогорку тобокелдиктеги активдерди сатып алуу кошумча тобокелдиктерди алып келет.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.