КРнын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 22-июлундагы «Чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндө убактылуу чечимдер жөнүндө» токтомунун аракетин убактылуу токтотуу тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому кабыл алынды. Тиешелүү токтом Улуттук банк тарабынан 2026-жылдын 29-январында кабыл алынган.
Аталган токтомго ылайык, 2026-жылдын 1-августуна чейин Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 22-июлундагы «Чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндө убактылуу чечимдер жөнүндө» токтомунун аракети убактылуу токтотулду.
Эске салсак, 2022-жылдын 22-июлунда КРнын Улуттук банк Башкармасы тарабынан «Валюта алмашуу операциялары чөйрөсүндөгү убактылуу чечимдер жөнүндө» токтом кабыл алынган.
Документ дүйнөлүк геосаясий кырдаалды эске алуу менен кабыл алынган:
- Кыргызстандын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу;
- терс кесепеттерди жана тобокелдиктерди жана алардын ички финансы рыногуна таасирин минималдаштыруу.
Бул токтом менен, Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына жана алмашуу бюролоруна:
КРнын коммерциялык банктарына:
- алмашуу бюролору менен операцияларды жүргүзүүдө алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын чегинде накталай/нак эмес чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу көлөмүн календардык күндүн ичинде бир убакта чектөөгө;
- жума сайын саат 14:00гө чейин Улуттук банкка отчет берип туруу, кийинки отчеттук аптага чейин;
- Улуттук банкка накталай/нак эмес чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу боюнча бүткөрүлгөн операциялар жөнүндө маалыматты алмашуу бюролоруна ар бир айдын акыркы жумушчу күнүнө карата саат 16:00дөн кечиктирбестен берүү, кийинки отчеттук айга чейин.
алмашуу бюролоруна:
- коммерциялык банктар менен календардык күндүн ичинде алмашуу бюросунун жүгүртүү капиталынан жалпысынан ашкан суммада нак чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу боюнча операцияларды жүргүзүүгө тыюу салынат;
- коммерциялык банктар менен накталай/нак эмес чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу боюнча операцияларды жүргүзүүдө коммерциялык банктарга жазуу жүзүндө алмашуу бюросунун жетекчиси кол койгон, өткөн күндүн аягында жана/же күндүн башталышында алмашуу бюросунун жүгүртүү капиталынын өлчөмүн тастыктаган, ККМ тиркемесинин чектерин берүүгө.
Белгилей кетсек, Улуттук банк атаандаштыкты күчөтүү жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында бул токтомду бир нече жолу токтоткон, эң акыркысы - 2026-жылдын 1-февралына чейин.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Документ тууралуу кененирээк маалыматты шилтемеден тапса болот.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.