Банктардын финансылык туруктуулугун чыңдоо
Жөнгө салуучу органдан билдиришкендей, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Коммерциялык банктардын уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштады. Документ банк тутумунун натыйжалуулугун жана ишенимдүүлүгүн колдоо максатында иштелип чыккан. Анда КРдеги 22 коммерциялык банктын (дагы 4 коммерциялык банк лицензияларын күтүүдө) жана КРде банк түзүүгө ниеттенген потенциалдуу инвесторлордун ишмердүүлүгүн камтыйт.
Маселе КРдеги коммерциялык банктардын уставдык жана өздүк (регулятивдик) капиталынын өлчөмүнө талаптардын төмөндүгүндө, ЕАЭБ өлкөлөрүнө салыштырмалуу атаандаштыкка жөндөмдүүлүк маселелеринде жана калкты кредиттөө үчүн арзан ресурстардын жоктугунда.
«Уставдык капитал капиталдын туруктуу бөлүгү болуп саналат, аны өлкөдөн түз алып чыгууга болбойт, бул капиталдын аталган бөлүгү Кыргыз Республикасынын экономикасында туруктуу түрдө кала тургандыгын билдирет (банк жоюлганга чейин). Банктын уставдык капиталын көбөйтүүнүн бир нече себептери бар, алар негизинен финансылык туруктуулукту бекемдөөгө жана жөнгө салуучу талаптарга ылайык келтирүүгө багытталган» - деп жазылат негиздемеде.
Уставдык капиталдын көбөйүшү төмөнкү факторлорго таасир этиши мүмкүн:
- Финансылык туруктуулукту жогорулатуу. Уставдык капиталдын жогору болушу банкка активдердин наркынын төмөндөшү, кредиттер боюнча милдеттенмелердин төлөнбөй калуусу сыяктуу тобокелдиктерге каршы турууга мүмкүнчүлүк берет;
- Кредит портфелин жана активдерди көбөйтүү. Кошумча капитал банкка кредиттик ишин жана инвестицияларын кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн берет, бул өз кезегинде банктын кирешесин көбөйтөт.
- Жаңы инвестицияларды тартуу жана катышуу үлүшүн көбөйтүү. Уставдык капиталдын көбөйүшү жаңы инвесторлорду тартууга байланыштуу болушу мүмкүн, алар банктагы үлүштүн ордуна капитал кошот.
- Банк ишинин натыйжалуулугун жана ишенимдүүлүгүн сактоо. Уставдык капиталдын жогору болушу банктардын натыйжалуу иштешине жана өз кардарларын ишенимдүү тейлөөгө мүмкүндүк берет, бул банкка карата ишенимди арттырат;
- Потенциалдуу контрагенттерди жана банктарды тартуу.
Токтом долбоорунда жаңыдан түзүлгөн (чет өлкө банктарынын филиалдарынын капиталына карата талаптарды кошо алганда) жана иштеп жаткан банктар үчүн уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын минималдуу өлчөмүн түзүү боюнча талаптарды 5 жана 8 млрд сом өлчөмүндө системалуу мааниге ээ банктар үчүн белгилөө сунушталууда.
Иштеп жаткан банктар үчүн уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын минималдуу өлчөмүн 5 млрд сомго чейин көбөйтүү талаптарын этап-этабы менен ишке ашыруу сунушталат:
- 2026-жылдын 1-июлунан тартып – 1 млрд сом;
- 2027-жылдын 1-июлунан тартып – 2 млрд сом;
- 2028-жылдын 1-июлунан тартып – 3 млрд сом;
- 2029-жылдын 1-июлунан тартып – 4 млрд сом;
- 2030-жылдын 1-июлунан тартып – 5 млрд сом.
Системалуу мааниге ээ банктар үчүн уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын минималдуу өлчөмүн 2026-жылдын 1-июлунан тартып кеминде 8 млрд сомго чейин көбөйтүү талаптарын белгилөө сунушталууда.
Эгерде банк системалуу мааниге ээ катары таанылса, Улуттук банк системалуу маанилүүлүк критерийлерине ылайык келгендиги жөнүндө билдирген күндөн тартып 1 жыл ичинде банк уставдык капиталынын өлчөмүн белгиленген талапка чейин жеткирүүгө тийиш.
Ошол эле учурда, мындай банктын өздүк (жөнгө салуучу) капиталы Улуттук банк системалуу маанилүүлүк критерийлерине ылайык келгендиги жөнүндө билдирген күндөн тартып 3 ай ичинде белгиленген өлчөмгө чейин жеткирилүүгө тийиш.
Ошондой эле иштеп жаткан банктын добуш берүүчү акцияларынын 100 пайыз өлчөмүндө чектүү катышууга ээ болгон адамдарга карата талаптарды белгилөө сунушталууда.
ЕАЭБде банктардын уставдык жана өздүк капиталынын өлчөмүнө кандай талаптар белгиленген
Армяндын банктары үчүн баштапкы (өздүк) капиталдын минималдуу өлчөмү - 30 млрд армян драмы, Улуттук банктын 01.12.2025-ж. курсу боюнча - 6 млрд 884 млн сом, Армян Республикасынын банктары үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү – 50 млн драм, Улуттук банктын 01.12.2025-ж. курсу боюнча - 11 млрд 474 млн сом;
Россия Федерациясынын банктары үчүн уставдык капиталдын жана өздүк каражаттардын (капиталдын) минималдуу өлчөмү төмөнкү суммада белгиленген:
- 1 миллиард орус рубли (Улуттук банктын 01.12.2025-ж. карата курсу боюнча – 1 117 миллион сом) - универсалдуу лицензиясы бар банк үчүн;
- 300 миллион орус рубли (01.12.2025-ж. карата Улуттук банктын курсу боюнча – 335,4 миллион сом) - базалык лицензиясы бар банк үчүн;
Беларусь Республикасынын банктары үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү – 45 миллион белорус рубли, Улуттук банктын 01.12.2025-жылдагы курсу боюнча-1 350 миллион сом, ал эми Беларусь Республикасынын банктары үчүн ченемдик капиталдын минималдуу өлчөмү 66,66 миллион белорус рубли, Улуттук банктын 01.12.2025-ж. курсу боюнча - 1 999 миллион сом;
Казакстандын банктары үчүн уставдык жана өздүк капиталдын минималдуу өлчөмү – 10 миллиард теңге, Улуттук банктын 01.12.2025-ж. курсу боюнча - 1 703 миллион сом.
«Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт. Ошону менен бирге, коммерциялык банктарга экономикалык жактан таасирин тийгизет», - деп жазылат маалыматта.
Токтом менен толук бул шилтемени басып таанышсаныз болот.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.