КРнын Улуттук банк башкармысынын 2026-жылдын 13-майындагы «Алмашуу бюролорунун жүгүртүү каражаттарынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтому менен алмашуу бюролорунун жүгүртүү капиталына болгон талаптар катаалданды. Капиталга болгон талаптарды жогорулатуу бир катар көйгөйлөрдү чечип, сектордогу ачык-айкындуулукту жогорулатат.
«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, КРнын Улуттук банк башкармасы токтом кылды:
1. 2026-жылдын 1-июнунан тартып жаңыдан ачылган алмашуу бюролору, кошумча алмашуу бюролору жана сезондук негизде иш жүргүзгөн алмашуу бюролору үчүн жүгүртүү каражаттарынын минималдуу өлчөмү төмөнкүчө белгиленсин:
- 3 миллион сом, мында Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында жайгашкан алмашуу бюролору эске алынбайт;
- 5 миллион сом – Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында жайгашкан алмашуу бюролору үчүн;
- 1 миллион сом – жайгашкан жерине карабастан, сезондук негизде иш жүргүзгөн алмашуу бюролору үчүн.
2. Иштеп жаткан алмашуу бюролору, кошумча алмашуу бюролору жана сезондук негизде иш жүргүзгөн алмашуу бюролору үчүн жүгүртүү каражаттарынын минималдуу өлчөмү жана аны түзүү мөөнөттөрү төмөнкүчө белгиленсин:
Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында жайгашкан алмашуу бюролорунан башка алмашуу бюролору үчүн:
- 2026-жылдын 1-октябрына чейин – 1 миллион сомдон кем эмес өлчөмдө;
- 2028-жылдын 1-октябрына чейин – 2 миллион сомдон кем эмес өлчөмдө;
- 2030-жылдын 1-октябрына чейин – 3 миллион сомдон кем эмес өлчөмдө.
Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында жайгашкан алмашуу бюролору үчүн:
- 2026-жылдын 1-октябрына чейин – 2 миллион сомдон кем эмес өлчөмдө;
- 2028-жылдын 1-октябрына чейин – 3 миллион сомдон кем эмес өлчөмдө;
- 2030-жылдын 1-октябрына чейин – 5 миллион сомдон кем эмес өлчөмдө.
жайгашкан жерине карабастан, сезондук негизде иш жүргүзгөн алмашуу бюролору үчүн:
- 2026-жылдын 1-октябрына чейин – 1 миллион сомдон кем эмес өлчөмдө.
Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Документ менен толук бул шилтемени басып таанышууга болот.
Эске салсак, КР УБ «Алмашуу бюролорунун жүгүртүү каражаттарынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтом долбоору 2026-жылдын февраль айында коомдук талкууга чыгарылган. Документте алмашуу бюролорунун жүгүртүү каражаттарына болгон талаптарды кайра карап чыгуу сунушталган.
Ал эми буга чейин алмашуу бюролору үчүн жүгүртүү каражаттарынын минималдуу өлчөмү кандай болгонун билгиңиз келсе, шилтемени басыңыз.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.