QR-коддордон тарта ыкчам которууларга чейин
Акыркы жылдары Кыргызстан санариптик төлөм инфраструктурасын өнүктүрүүдө олуттуу натыйжаларга жетишти. Учурда өлкө бирдиктүү улуттук QR-код стандартынын негизинде төлөм кызматтарын системалар аралык интеграциялоо деңгээли боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында алдыңкы орундарды ээлейт. 2026-жылдын 1-июнуна карата, өз ара аракеттенүүнүн негизги операторунун системасы ишке киргенден бери (2022-жылдын май айынан тартып), бирдиктүү төлөм мейкиндигинде жалпы суммасы 1,7 триллион сомдон ашкан 1,03 миллиарддан көп төлөм жана которуу жүргүзүлгөн. Бул улуттук төлөм инфраструктурасына суроо-талап жогору экенин жана накталай эмес төлөм ыкмаларынын өсүп жатканын көрсөтөт.
Ошол эле учурда, улуттук QR-код ийгиликтүү иштеп жатканына карабастан, рынокту мындан ары өнүктүрүү үчүн ыкчам которууларды жүргүзүүгө арналган бирдиктүү технологиялык платформаны ишке киргизүү талап кылынат.
КРге тез төлөмдөр системасын киргизүү менен эмнелер өзгөрөт?
Улуттук банк «Кыргыз Республикасынын тез төлөмдөр системасы жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштады. Документ КРнын тез төлөмдөр системасынын ишин камсыз кылуу үчүн ченемдик базаны түзүү жана заманбап, жеткиликтүү жана өз ара иш алып баруу боюнча төлөм инфраструктурасын андан ары өнүктүрүү максатында иштелип чыкты.
«Санариптик финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн өнүгүшү, накталай эмес төлөмдөрдүн жана акча каражаттарын которуулардын көлөмүнүн көбөйүшү, ошондой эле аралыктан тейлөө каналдарынын кеңейиши Кыргызстандын төлөм инфраструктурасын андан ары өркүндөтүү жана реалдуу убакыт режиминде төлөмдөрдү жана акча каражаттарын которууларды жүргүзүүнүн заманбап механизмдерин киргизүү зарылдыгын шарттайт», - деп жазылат токтом долбоорунун маалымкат-негиздемесинде.
Бул максатта каржы рыногунун катышуучуларын бириктире турган тез төлөмдөр системасын ишке киргизүү пландалууда. Бул жеке жактарга жана компанияларга жөнөтүүчү менен алуучу кайсы банктардын кардары экенине карабастан, күнү-түнү жана күн сайын реалдуу убакыт режиминде заматта акча которууларды ишке ашырууга мүмкүндүк берет.
Бул төмөнкүлөргө болгон муктаждыкты жаратат:
- ТТСтин иштешинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин,
- ТТС операторунун статусун жана функцияларын,
- системага кошулуу жана катышуу тартибин аныктоо,
- операцияларды жана акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү,
- тобокелдиктерди башкарууга, маалыматтык коопсуздукка, иштин үзгүлтүксүздүгүнө, отчеттуулукка, мониторингге жана көзөмөлгө карата жалпы талаптарды белгилөө.
Ошол эле учурда ТТСтин иштеши төлөм жана маалыматтык билдирүүлөрдү борборлоштурулган маршрутизациялоону жана иштеп чыгууну, төлөм идентификаторлорун пайдаланууну, клирингди жана акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү, ликвиддүүлүктү башкарууну, ошондой эле тобокелдиктерди башкарууга, маалыматтык коопсуздукка жана иштин үзгүлтүксүздүгүнө карата бирдиктүү талаптарды колдонууну камтыган төлөм системасынын катышуучуларынын өз ара аракеттенүү механизмин түзүүнү болжолдойт.
«Ошону менен бирге долбоордо ТТСке катышуу модели аныкталат жана түз, кыйыр, адистештирилген жана эл аралык катышуучуларга, эсептешүү банктарына жана иши Система аркылуу операцияларды жүргүзүүгө байланышкан башка субъекттерге карата талаптар белгиленет. Катышуучуларды ТТСке кошуу тиешелүү келишим түзүлгөндөн, тестирлөөдөн жана интеграцияны сертификациялоодон өткөндөн, техникалык жана маалыматтык талаптарга ылайык келүүсү ырасталгандан, ошондой эле Системанын эрежелеринде каралган башка шарттар аткарылгандан кийин жүргүзүлөт», - деп жазылат түшүндүрмө берүүчү бөлүктө.
ТТСтин негизги функционалдык элементтеринин бири мобилдик телефондун номерин, улуттук стандарттагы QR-кодду, эсептин номерин, банктык картанын номерин же системанын эрежелеринде каралган башка идентификаторду кошо алганда, төлөмдү же которууну алуучунун бирдиктүү идентификаторун пайдалануу мүмкүнчүлүгү.
Токтом долбоорун кабыл алуу төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- ТТСтин иштешинин комплекстүү ченемдик негизин түзүүгө,
- анын катышуучулары үчүн бирдиктүү эрежелерди жана талаптарды белгилөөгө,
- борборлоштурулган системалар аралык өз ара аракеттенүүнү камсыз кылууга,
- төлөмдөрдүн жана акча каражаттарын которуулардын жеткиликтүүлүгүн жана ылдамдыгын жогорулатууга,
- КРнын төлөм инфраструктурасынын коопсуздугунун, туруктуулугунун жана үзгүлтүксүз иштешинин тиешелүү деңгээлин камсыз кылууга.
Белгиленгендей, токтом долбоорун кабыл алуу терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.
Тез төлөмдөр системасы Орусия, Индия, Египет, Бразилия жана Сингапурда кандай иштейт
Эң өнүккөн моделдердин бири 2019-жылы өнөр жайлык пайдаланууга киргизилген Орусияныын Тез төлөмдөр системасы (ТТС) болуп саналат. Система Орусия Банкынын демилгеси боюнча Улуттук төлөм карталары системасы менен биргеликте түзүлгөн. Мында Орусия Банкы системанын оператору жана эсептешүү борбору болуп саналат, ал эми Улуттук төлөм карталары системасы операциялык жана төлөм клиринг борборунун функцияларын аткарат. ТТС мобилдик телефондун номери боюнча ар кандай банктардын эсептеринин ортосунда күнү-түнү которууларды, QR-коддор аркылуу товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнү, ошондой эле башка төлөм операцияларын жүргүзүүнү камсыз кылат. Системага өлкөнүн системалык маанидеги банктарынын дээрлик бардыгы катышат.
Эң ийгиликтүү эл аралык мисалдардын бири Индиянын Резервдик банкынын (RBI) жөнгө салуусунда Индиянын Улуттук төлөм корпорациясы (NPCI) тарабынан иштелип чыккан Unified Payments Interface (UPI) индиялык системасы болуп эсептелет. Пилоттук долбоор 2016-жылы ишке киргизилген, андан кийин система өлкөдө накталай эмес эсептешүүлөрдүн негизги инструменти болуп калган. UPI бардык банктарды бирдиктүү технологиялык платформа аркылуу бириктирип, колдонулган банктык тиркемеге карабастан виртуалдык төлөм дарегин, телефон номерин же QR-кодду пайдалануу менен ар кандай банктардын эсептеринин ортосунда заматта которууларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Египетте Тез төлөмдөр системасын өнүктүрүү финансылык секторду санариптик трансформациялоонун мамлекеттик стратегиясынын алкагында Египеттин Борбордук банкы тарабынан жүзөгө ашырылат. Улуттук инфраструктуранын негизин өлкөнүн бардык банктарын бириктирген жана ар кандай банктык эсептер менен электрондук төлөм инструменттеринин ортосунда күнү-түнү заматта которууларды камсыз кылган Instant Payment Network (IPN) түздү. Акыркы колдонуучулар үчүн тейлөөчү банкка карабастан кардардын бардык эсептерине жеткиликтүүлүк берген жана реалдуу убакыт режиминде которууларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берген InstaPay тиркемеси иштейт.
Акыркы жылдардагы эң ийгиликтүү эл аралык долбоорлордун бири 2020-жылы Бразилиянын Борбордук банкы тарабынан киргизилген бразилиялык Pix системасы. Борбордук банк жөнгө салуучунун функциялары менен гана чектелген көптөгөн өлкөлөрдөн айырмаланып, Бразилияда Борбордук банк бир эле учурда системанын иштөө эрежелерин иштеп чыгуучу, инфраструктуранын оператору жана эсептешүү борбору катары чыгат.
Сингапур Азия мамлекеттеринин ичинен алгачкылардан болуп Сингапурдун Акча-кредит башкармалыгынын (Monetary Authority of Singapore, MAS) жөнгө салуусунда иштеген PayNow улуттук заматта төлөмдөр системасын киргизген. Система мобилдик телефондун номери же жарандын идентификациялык номери боюнча ар кандай банктардын эсептеринин ортосунда которууларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. PayNow банктар аралык эсептешүүлөрдү реалдуу убакыт режиминде жүргүзүүнү камсыз кылган FAST улуттук системасы менен интеграцияланган.
Документ менен толук бул шилтемени басып таанышууга мүмкүн.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.