Бул тууралуу финансылык жөнгө салуучу органдын басма сөз кызматы билдирди.
КРнын банк системасынын натыйжалуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында Улуттук банк токтом кылат:
КРнын министрлер кабинети тарабынан бекитилген долбоорду ишке ашыруунун алкагында финансы-кредит уюмдары, төмөнкү шарттар аткарылган учурда, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга 5% өлчөмүндө тиешелүү резерв түзүү менен кайра каржылоо максатында тигүү тармагындагы ишкердик субъекттерине жаңыдан берилген кредиттерди «байкоого алынган актив» категориясына классификациялоого укуктуу:
- тигүү тармагындагы ишкердик субъекттери кеминде 12 ай иштесе, КРнын салык мыйзамдарына ылайык иштеп, салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча аткарылбаган милдеттенмелери жок болсо;
- эсептөөлөр документ менен тастыкталып, карыз алуучунун финансылык абалына кылдат талдоо жүргүзүлсө (тиешелүү эсептөөлөр, финансылык көрсөткүчтөр менен);
- финансы-кредит уюму карыз алуучуга төлөөлөрдүжаңы графикке ылайык төлөө мүмкүнчүлүгүн бериши мүмкүн болсо (такталган, документ менен тастыкталган финансылык маалыматтардын негизинде);
- негизги карызды төлөө боюнча жеңилдик берилген мезгил аралыгы 6 айдан ашпаса;
- акыркы реструктуризациялоодон 1 жылдан ашык убакыт өтсө.
Жогоруда көрсөтүлгөн кайра каржыланган кредит боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз аныкталган учурда, финансы-кредит уюму төмөнкү классификацияны колдонууга тийиш:

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2027-жылдын 1-апрелине чейин колдонулат.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.