Улуттук банк, 38 млн АКШ доллар келишим түзүлгөн күндөн башка күнү сатылганын билдирди.
Буга чейин тагыраагы 2025-жылы Улуттук банк 4 интервенция жүргүздү:
- Биринчи интервенциясын КРнын Улуттук банкы 13-январда ишке ашырып, келишимлин суммасы 79 миллион АКШ долларын түзгөн.
- Экинчи интервенция 158,3 миллион АКШ долларын түзүп, 29-апрелде болгон.
- Үчүнчү интервенция 26-майда болуп өттү. Анда Улуттук банк валюта рыногунда 59,8 миллион доллар сатты.
- Төртүнчү – 15-сентябрь күнү. Интервенциянын көлөмү 81, 5 млн АК4Ш долларын түзгөн.
Бул жылы Улуттук банк эч кандай тескери интервенция жүргүзгөн жок.
Эске салсак, акыркы беш жылда Улуттук банк 99 интервенция жүргүздү. Анда 2020-жылдан 2024-жылга чейин жөнгө салуучу валюта рыногуна 2,9 миллиард доллар саткан.
Белгилүү бир убакыттарда Улуттук банк алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн турукташтыруу максатында валюта рыногунда интервенцияларды жүргүзөт. КРнын Улуттук банкы чет өлкө валютасын сатып алуу же сатуу жолу менен интервенция жасайт, бул рыноктогу суроо-талаптарга, сунуштарга жана албетте алмашуу курсуна таасирин тийгизет.

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек